Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (2019-жылга юбилейлик иш-чаралардын тизмегин бекитүү жөнүндө) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Кабинета Министров КР от 11 февраля 2022 года № 57-р (О признании утратившими силу распоряжения Правительства Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2019-03-01.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 1-марты № 36-б 2019-жылы юбилейлик иш-чараларды уюштурууну жана өткөрүүнү тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы юбилейлик иш-чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2019-жылга юбилейлик иш-чаралардын тизмеги (мындан ары - Тизмек) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) өз иштерин пландаштырууда 2019-жылга Тизмекти жетекчиликке алышсын.
3. Тизмекте аталган юбилейлик иш-чараларды өткөрүү менен байланышкан чыгымдар ишке тартылган министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын бюджеттеринин чегинде, ошондой эле гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен каржыланат.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Тиркеме
2019-жылга юбилейлик иш-чаралардын ТИЗМЕГИ
1. Жалпы улуттук маанидеги юбилейлик иш-чаралар
№
Иш-чаралардын аталышы
Жооптуу аткаруучулар
Каржылоо булагы
1
Кыргыз ССРинин мамлекеттик ишмери Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгы
КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ММТМ, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча)
Ишке тартылган министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын бюджеттеринин чегинде, ошондой эле гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен
2
Кыргызстандын мамлекеттик ишмери, "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган Усубалиев Турдакун Усубалиевичтин 100 жылдыгы
ММТМ, КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча)
Ишке тартылган министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын бюджеттеринин чегинде, ошондой эле гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен
2. Корпоративдик маанидеги юбилейлик иш-чаралар
№
Иш-чаралардын аталышы
Мааракелик дата
Жооптуу аткаруучулар
1
М.Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын түзүлүшү
80 жыл
ММТМ, М.Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры
2
"Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин түзүлүшү
70 жыл
ММТМ, КРӨнүн Ош облусундагы өкүлү, "Сулайман-Тоо" УТАМК
3. Юбилейлик иш-чаралар
№
Мааракеси өткөрүлүүчү инсандар
Мааракелик дата
Жооптуу аткаруучулар
1
Алымбек датка, тарыхый инсан
220 жыл
КРӨнүн Ош облусундагы өкүлү, УИА, ММТМ
2
Кумар уулу Балыкооз (Бекмурат), манасчы
220 жыл
ММТМ, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча)
3
Байтик Канай уулу (Байтик баатыр), тарыхый инсан
200 жыл
КРӨнүн Чүй облусундагы өкүлү, ММТМ
4
Искак Асан уулу (Полот хан), тарыхый инсан
175 жыл
КРӨнүн Баткен облусундагы өкүлү, "Бостон Ордо" коомдук бирикме (макулдашуу боюнча)
5
Каба уулу Кожомкул, кыргыз балбаны
130 жыл
ММТМ, КРӨнүн Чүй облусундагы өкүлү, Жаштар жана спорт агенттиги, "Каба уулу Кожомкул" атындагы эл аралык коомдук фонд (макулдашуу боюнча)
6
Каралаев Саякбай, манасчы, Кыргыз ССРинин эл артисти
125 жыл
ММТМ, КРӨнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү
7
Байжиев Ташим, тарыхый инсан, адабиятчы, драматург
110 жыл
КРӨнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү, ММТМ, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), "Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу" коомдук бирикмеси (макулдашуу боюнча)
8
Күйүкова Даркүл, СССРдин эл артисти
100 жыл
ММТМ, КРӨнүн Ош облусундагы өкүлү, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча)
9
Молдобасанов Калый, Кыргыз ССРинин эл артисти, композитор, дирижер
90 жыл
ММТМ, КРӨнүн Нарын облусундагы өкүлү, "Кыргыз Республикасынын композиторлор союзу" коомдук бирикмеси (макулдашуу боюнча), Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча)
10
Давлесов Насыр, Кыргыз Республикасынын эл артисти, композитор, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири
90 жыл
ММТМ, КРӨнүн Ош облусуңдагы өкүлү, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча)
11
Чокморов Сүймөнкул, СССРдин эл артисти, сүрөтчү, киноактер
80 жыл
ММТМ, КРӨнүн Ош облусундагы өкүлү, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча)
12
Садырбаев Дооронбек, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишмери, "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку артыкчылык даражасынын ээси
80 жыл
ММТМ, КРӨнүн Ош облусундагы өкүлү, КРӨнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү
13
Сыдыков Батырали, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишмери
80 жыл
ТИМ, БИМ, КРӨнүн Ош облусундагы өкүлү
14
Базарбаев Чолпонбек, СССРдин эл артисти, бийчи
70 жыл
ММТМ, КРӨнүн Нарын облусундагы өкүлү, "Чолпонбек Базарбаев атындагы коомдук бирикме" коомдук фонду (макулдашуу боюнча)
15
Кудайбергенов Усеин, көрүнүктүү кыргыз каскадеру
70 жыл
ММТМ, Жаштар жана спорт агенттиги, КРӨнүн Чүй облусундагы өкүлү, "У.Кудайбергенов атындагы каскадерлордун федерациясы" коомдук бирикмеси (макулдашуу боюнча)
Кыскартуулардын тизмеси:
ММТМ
-
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги
ТИМ
-
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
БИМ
-
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
Жаштар жана спорт агенттиги
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик
КРӨнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү
Бишкек шаарынын мэриясы
-
Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэриясы
УИА
-
Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясы
"Сулайман-Тоо" УТАМК
-
"Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Орозбеков айылдык кеңешинин 2019-жылдын 5-июлундагы №182 "Көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер А.Орозбековдун 130, тарыхый инсан Асан уулу Исхактын (Полотхан) 175 жылдык…Постановление · 05.07.2019 · № 182
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктарын күчүн жоготту деп таануу тууралуу) ТескемесиРаспоряжение · 11.02.2022 · № 57-р
Шилтеме берет (3)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктарын күчүн жоготту деп таануу тууралуу) ТескемесиРаспоряжение · 11.02.2022 · № 57-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы Юбилейлик иш-чаралар жөнүндөЗакон · 11.06.2007 · № 82 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.