# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-декабрындагы № 459-б "Акыркы керектөөчүлөр үчүн электр жана жылуулук энергиясына тарифтерди бекитүү" жөнүндө буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-декабрындагы № 459-б "Акыркы керектөөчүлөр үчүн электр жана жылуулук энергиясына тарифтерди бекитүү" жөнүндө буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 459-р
- Кабыл алынган күнү: 27.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216862>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16602/edition/934535/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216862.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-декабрындагы № 459-б "Акыркы керектөөчүлөр үчүн электр жана жылуулук энергиясына тарифтерди бекитүү" жөнүндө буйругу (27.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216862

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 27-декабры № 459-б "Энергетика жөнүндө", "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Электр жана жылуулук энергиясынын орто мөөнөттүү тарифтик саясатын кабыл алганга чейин акыркы керектөөчүлөр үчүн электр жана жылуулук энергиясына тарифтерди 2017-жылы колдонулган электр жана жылуулук энергиясынын тарифтеринин деңгээлинде белгилесин.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
