# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-ноябрындагы № 390-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-майындагы № 150-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-ноябрындагы № 390-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-майындагы № 150-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 390-р
- Кабыл алынган күнү: 03.11.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.11.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216857>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16597/edition/1068710/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216857.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-ноябрындагы № 390-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-майындагы № 150-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" буйругу (03.11.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216857

---

КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 22-январындагы № 9-р буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 3-ноябры № 390-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-майындагы № 150-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- мамлекеттик тилдеги текстинин 1-пунктундагы "Кош салык салуудан качуу жана кирешелерге, капиталдын өсүшүнө салык төлөөлөрдү болтурбоо" деген сөздөр "кирешелерге жана капиталдын өсүшүнө кош салык салууну четтетүү жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган буйрук менен жактырылган Макулдашуунун долбоорунда:

мамлекеттик тилдеги текстинин аталышындагы жана преамбуласындагы "Кош салык салуудан качуу жана кирешелерге, капиталдын өсүшүнө салык төлөөлөрдү болтурбоо" деген сөздөр "кирешелерге жана капиталдын өсүшүнө кош салык салууну четтетүү жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
