# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 401-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-февралындагы № 58-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 401-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-февралындагы № 58-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 401-р
- Кабыл алынган күнү: 13.11.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.11.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216856>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16596/edition/933706/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216856.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.11.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 401-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-февралындагы № 58-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" буйругу (13.11.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216856

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 469-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 13-ноябры № 401-б "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-февралындагы № 58-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылга мыйзам долбоорлоо иштеринин планында:

- 7-пунктунда:

"Долбоорду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү мөөнөтү" графасындагы "I" деген цифра "IV" деген цифра менен алмаштырылсын; "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жактыруу жөнүндө токтомун кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү мөөнөтү" графасындагы "II" деген цифра "IV" деген цифра менен алмаштырылсын;

- 8 жана 27-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
