# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 471-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июлундагы № 270-б буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 471-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июлундагы № 270-б буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 471-р
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216854>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16594/edition/933702/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216854.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 471-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июлундагы № 270-б буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" буйругу (31.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216854

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 31-декабры № 471-б "САSА-1000" долбоору боюнча Өкмөттөр аралык кеңештин ишине андан ары катышуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июлундагы № 270-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Комиссиянын кыргыз бөлүгү төмөнкү курамда түзүлсүн: Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы, комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн жетекчиси; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн жетекчисинин орун басары; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча).".

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
