КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июлундагы № 270-б буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 31-декабры № 471-б "САSА-1000" долбоору боюнча Өкмөттөр аралык кеңештин ишине андан ары катышуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июлундагы № 270-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Комиссиянын кыргыз бөлүгү төмөнкү курамда түзүлсүн: Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы, комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн жетекчиси; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн жетекчисинин орун басары; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча).".
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июлундагы № 270-б ("CASA-1000" долбоору боюнча өкмөттөр аралык кеңештин ишине мындан ары катышуу максатында комиссиянын кыргыз бөлүгүн түзүү боюнча)…Распоряжение · 06.07.2011 · № 270-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон