# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 473-б "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу органы менен Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо үчүн компетенттүү орган болуп аныкталоо жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 473-б "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу органы менен Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо үчүн компетенттүү орган болуп аныкталоо жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 473-р
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216853>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16593/edition/933700/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216853.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 473-б "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу органы менен Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо үчүн компетенттүү орган болуп аныкталоо жөнүндө" буйругу (31.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216853

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 31-декабры № 473-б 2014-жылдын 24-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-декабрындагы № 174 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууну андан ары натыйжалуу ишке ашыруу максатында, аталган Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун уставынын 7-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу органы менен Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо үчүн компетенттүү орган болуп аныкталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Россия Федерациясынын Өкмөтүнө компетенттүү органдын аныкталганы жөнүндө кабарласын.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
