# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 474-б " Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктары ыйгаруу жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 474-б " Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктары ыйгаруу жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 474-р
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216852>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16592/edition/933698/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216852.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 474-б " Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктары ыйгаруу жөнүндө" буйругу (31.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216852

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 31-декабры № 474-б Сапат жаатында олуттуу натыйжаларга жетишкендиги, коопсуздукту камсыздагандыгы жана сапат менеджментинин жогорку натыйжалуу методдорун киргизгендиги үчүн Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу боюнча кеңештин чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-августундагы № 478 "Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө" токтомун эске алуу менен:

1. 2017-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыктары төмөнкүлөргө ыйгарылсын:

1) мейманкана кызмат көрсөтүүлөрү:

"Чоң мейманкана" номинациясы боюнча:

- "Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаториясы" мекемеси, Ысык-Көл облусу;

"Орточо мейманкана" номинациясы боюнча:

- "Orion Hotels" жоопкерчилиги чектелген коому ("Орион Хотелс"), Бишкек ш.;

"Чакан мейманкана" номинациясы боюнча:

- "Ошкурулушсервис" жоопкерчилиги чектелген коому, Ош ш.;

2) туристтик кызмат көрсөтүүлөр:

- "Байбол-Трэвел" туристтик компаниясы, Талас облусу.

2. Конкурска активдүү катышкандыгы жана продукциялардын сапаты жаатында олуттуу натыйжаларга жетишкендиги үчүн 2017-жылга сапат боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн диплому менен сыйлансын:

1) мейманкана кызмат көрсөтүүлөрү:

"Чоң мейманкана" номинациясы боюнча:

- "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун "Кыргыз деңизи" санаторийи" филиалы, Ысык-Көл облусу;

"Орточо мейманкана" номинациясы боюнча:

- "Ляззат" жоопкерчилиги чектелген коому, "Ак-Марал" эс алуу борбору, Ысык-Көл облусу;

- "ОШ-НУРУ" жоопкерчилиги чектелген коому, Ош ш.;

"Чакан мейманкана" номинациясы боюнча:

- "Park Palas" жоопкерчилиги чектелген коому ("Парк Палас"), ("Отель Амбассадор"), Бишкек ш.;

- "Домик для гостей Небесные горы Нарына" жоопкерчилиги чектелген коому, Нарын ш.;

- "Sun Rise Osh" отели, ("Сан Райс Ош"), Ош ш.;

2) туристтик кызмат көрсөтүүлөр:

- "BMS" жоопкерчилиги чектелген коому ("Би Эм Эс") ("Амадеус"), Бишкек ш.;

- "Трэвел Шоп" жоопкерчилиги чектелген коому, Бишкек ш.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
