# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 597-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-мартындагы № 79-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 597-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-мартындагы № 79-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 597-р
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216849>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16589/edition/933690/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216849.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 597-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-мартындагы № 79-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" буйругу (30.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216849

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 404-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2017-жылдын 30-декабры № 597-б Мамлекеттик органдардын туруктуу ишин камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-мартындагы № 79-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги мамлекеттик сатып алуулардын натыйжасында үнөмдөлгөн бюджеттик мекемелердин каражаттарын экономикалык беренелер боюнча функциялык классификациянын тиешелүү бөлүмдөрүнө жараша "Жалпы мамлекеттик чыгымдар - кризиске каршы чаралар" казыналык эсептерине топтосун, буга төмөнкү каражаттар кошулбайт:

- атайын эсептеги каражаттар;

- азык-түлүккө көздөлгөн каражаттар;

- өзгөчө кырдаалдарды алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга, эпизоотиялык саламаттыкты (ветеринардык биопрепараттарды) камсыз кылууга багытталган каражаттар;

- саламаттык сактоо системасынын, улуттук коопсуздук органдарынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана анын ведомстволук мекемелеринин каражаттары;

- 2214 "Транспорттук чыгымдар", 2217 "Медикаменттерди жана медициналык багыттагы буюмдар", 2223 "Буюмдар жана башка формалык жана атайын кийим-кече сатып алуу, тигүү жана оңдоо" беренелери боюнча Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын органдарынын, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин жана Кыргыз Республикасынын Чек ара мамлекеттик кызматынын каражаттары";

- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Ушул буйрук 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет, мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул буйругун ишке ашыруунун алкагында "Жалпы мамлекеттик чыгымдар - кризиске каршы чаралар" казыналык эсептерине мурун чегерилген суммалар кайра кайтарылбайт.".

Премьер-министр

С.Дж.Исаков
