# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 404-б "Республикалык бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин чыгымдык милдеттенмелерин оптималдаштыруу максаты жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 404-б "Республикалык бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин чыгымдык милдеттенмелерин оптималдаштыруу максаты жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 404-р
- Кабыл алынган күнү: 13.11.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.11.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216848>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16588/edition/933688/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216848.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.11.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 404-б "Республикалык бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин чыгымдык милдеттенмелерин оптималдаштыруу максаты жөнүндө" буйругу (13.11.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216848

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2018-жылдын 13-ноябры № 404-б Республикалык бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин чыгымдык милдеттенмелерин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

1) мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүнүн натыйжасында үнөмдөлгөн республикалык бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин каражаттары чыгымдардын экономикалык классификацияларындагы функциялык классификациялардын тиешелүү бөлүмдөрү боюнча "Жалпы мамлекеттик чыгымдар - кризиске каршы чаралар" казыналык эсебинде топтолсун, буга төмөнкү каражаттар кошулбайт:

- атайын эсептеги каражаттар;

- медициналык товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, тамак-аш азыктарын сатып алууларга каралган каражаттар;

- өзгөчө кырдаалдарды алдын-алууга жана кесепеттерин жоюуга багытталган каражаттар;

- улуттук коопсуздук органдарынын каражаттары;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды курорттук-санаторийлик дарылоого путевкаларды жана майыптар үчүн кресло-коляска сатып алууга каралган каражаттар;

- саламаттыкты сактоо системасынын каражаттары;

- жалпы билим берүүчү мектептерге окуу китептерин сатып алуу жана учурдагы оңдоолор үчүн каралган каражаттар;

- коргоону камсыздоого каралган каражаттар;

2) мамлекеттик сатып алуулардын расмий интернет-порталында жайгаштырылган ''республикалык бюджет" менчиктин формасы боюнча үнөмдөө тууралуу маалыматтын негизинде, мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүнүн натыйжасында үнөмдөлгөн республикалык бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин каражаттары эсепке киргизилсин;

3) товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү "Жалпы мамлекеттик чыгымдар - кризиске каршы чаралар" казыналык эсептеринде мамлекеттик сатып алууну өткөрүүдөн үнөмдөлгөн каражаттар "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдери боюнча кошумча чыгымдарды каржылоо булагы катары колдонулсун.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-мартындагы № 79-б буйругу;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-июлундагы № 295-б буйругу;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-ноябрындагы № 520-б буйругу;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 524-б буйругу;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-декабрындагы № 561-б буйругу;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 597-б буйругу.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
