# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-октябрындагы № 379-б "Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-октябрындагы № 379-б "Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 379-р
- Кабыл алынган күнү: 30.10.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.10.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216847>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16587/edition/933686/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216847.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.10.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-октябрындагы № 379-б "Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жөнүндө" буйругу (30.10.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216847

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 30-октябры № 379-б (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 406-б буйругунун редакциясына ылайык) Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана кант тармагын өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги:

- 2018-2019-жылдардын түшүмүнөн алынган кант кызылчасын кабыл алуу мезгилинде республика ичиндеги каттамда темир жол транспорту менен 2018-жылдын 1-сентябрынан тартып 2019-жылдын 1-апрелине чейин кант кызылчасын ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтин ставкасын 2016-жылдын деңгээлинде, айып санкцияларын салбастан белгилесин;

- "Кайыңды Кант" жана "Кошой" ачык акционердик коомдорунун өтүнмөлөрүнүн негизинде кант кызылчасын кабыл алуу пункттарынан аны кайра иштетүү жерине чейин ташуу үчүн вагондордун зарыл болгон санын камсыз кылсын.

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 406-б буйругунун редакциясына ылайык)

2. "Кайыңды Кант" жана "Кошой" ачык акционердик коомдоруна келишимде каралган жүк түшүрүү ченемдерин сактоо жана вагондорду жүктөөгө өз убагында берүүнү камсыздоо үчүн жүк түшүрүлгөндөн кийин кыймылдуу составды өз учурунда бошотуу сунушталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы 2019-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча алынган таза пайдасынын 20 пайызын (50 пайыздын ордуна) бюджетке которууну жана бошотулган каражатты жол чарбасын модернизациялоо жана кыймылдуу составды толуктоо үчүн багыттоону караштырган өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун белгиленген тартипте киргизишсин.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
