Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 30-октябры № 379-б (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 406-б буйругунун редакциясына ылайык) Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана кант тармагын өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги:
- 2018-2019-жылдардын түшүмүнөн алынган кант кызылчасын кабыл алуу мезгилинде республика ичиндеги каттамда темир жол транспорту менен 2018-жылдын 1-сентябрынан тартып 2019-жылдын 1-апрелине чейин кант кызылчасын ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтин ставкасын 2016-жылдын деңгээлинде, айып санкцияларын салбастан белгилесин;
- "Кайыңды Кант" жана "Кошой" ачык акционердик коомдорунун өтүнмөлөрүнүн негизинде кант кызылчасын кабыл алуу пункттарынан аны кайра иштетүү жерине чейин ташуу үчүн вагондордун зарыл болгон санын камсыз кылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 406-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. "Кайыңды Кант" жана "Кошой" ачык акционердик коомдоруна келишимде каралган жүк түшүрүү ченемдерин сактоо жана вагондорду жүктөөгө өз убагында берүүнү камсыздоо үчүн жүк түшүрүлгөндөн кийин кыймылдуу составды өз учурунда бошотуу сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы 2019-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча алынган таза пайдасынын 20 пайызын (50 пайыздын ордуна) бюджетке которууну жана бошотулган каражатты жол чарбасын модернизациялоо жана кыймылдуу составды толуктоо үчүн багыттоону караштырган өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун белгиленген тартипте киргизишсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.02.2011 · № 62
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.