# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы № 271-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-февралындагы № 43-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы № 271-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-февралындагы № 43-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 271-р
- Кабыл алынган күнү: 31.07.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216843>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16583/edition/932005/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216843.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-июлундагы № 271-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-февралындагы № 43-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" буйругу (31.07.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216843

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 31-июлу № 271-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ортосунда бала төрөлгөндө берилүүчү "балага сүйүнчү" бир жолку төлөм боюнча электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү сервисин камсыздоо үчүн пилоттук долбоорду андан ары ишке ашырууга шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-февралындагы № 43-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктунун алтынчы абзацындагы "31-июлуна" деген сөздөр "30-ноябрына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 2-пунктунун экинчи абзацындагы "31-июлуна" деген сөздөр "30-ноябрына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
