# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-мартындагы № 64-б ""Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун "Комбинат Макмалалтын" филиалынын мүлктүк комплексин сатып алуу боюнча артыкчылыктуу укуктан баш тартуу жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-мартындагы № 64-б ""Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун "Комбинат Макмалалтын" филиалынын мүлктүк комплексин сатып алуу боюнча артыкчылыктуу укуктан баш тартуу жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 64-р
- Кабыл алынган күнү: 20.03.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.03.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216832>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16573/edition/931985/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216832.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-мартындагы № 64-б ""Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун "Комбинат Макмалалтын" филиалынын мүлктүк комплексин сатып алуу боюнча артыкчылыктуу укуктан баш тартуу жөнүндө" буйругу (20.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216832

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 20-марты, № 64-б "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун "Комбинат Макмалалтын" филиалынын мындан аркы иштешин камсыз кылуу, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 413 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылга иш-чаралар планынын 24-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Стратегиялык маанидеги объект болуп эсептелген "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун "Комбинат Макмалалтын" филиалынын мүлктүк комплексин сатып алуу боюнча артыкчылыктуу укуктан баш тартылсын.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
