Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Норвегия Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 4-марты № 42-б Кыргыз Республикасы менен Норвегия Королдугунун жарандарынын, дипломатиялык паспортторунун ээлеринин өз ара барып-келүү режимин тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Норвегия Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуунун долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен жактырылсын.
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Норвегия Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары "Макулдашуучу тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Норвегия Королдугунун Өкмөтү, эки тараптуу мамилени өнүктүрүүнү каалап, алардын ортодогу достук мамилелерин чыңдоого кызыкдарлыгын эске алып жана Макулдашуучу тараптардын биринин мамлекеттеринин жарандарынын экинчи Макулдашуучу тараптын аймагына барып-келүүлөрүн жеңилдетүү максатында, Макулдашуучу тараптардын ортосундагы реадмиссия жана өз ара барып-келүүлөрдү жеңилдетүү жаатындагы кызматташтык жалпы кызыкчылыктарды жаратарын таанып, 1999-жылдын 18-майындагы Европа бирлигинин Кеңешинин, Норвегия Королдугунун жана Исландия Республикасынын ортосундагы Шенген макулдашуусун ишке ашыруу, колдонуу жана өнүктүрүү процессине акыркылардын кошулуусуна тиешелүү Макулдашууну көңүлгө алып, Кеңештин (ЕБ) 2001-жылдын 15-мартындагы № 539/2001 жарандарынын тышкы чек ара аркылуу өтүүдө визасы болууга тийиш болгон үчүнчү мамлекеттер жана жарандары визалык талаптардан бошотулган мамлекеттер саналган токтомун, ошондой эле мүчө мамлекеттер дипломатиялык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптардан өзгөчө шарттарды бериши мүмкүн экендигин белгилеген 4 (1) беренени эске алуу менен, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене.
1. Макулдашуучу тараптардын биринин мамлекетинин жарактуу дипломатиялык паспортко ээ жана экинчи Макулдашуу тараптын мамлекетинин аймагында аккредитацияланбаган, кызматтык максаттарда барып келүүчү жарандары 180 (жүз сексен) күндүн ичинде токсон (90) күндөн ашпаган мезгилге экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагына кирүү, транзит менен жүрүү, болуу же чыгуу үчүн визалык талаптардан бошотулат. 180 (жүз сексен) күндүн ичиндеги максималдуу 90 (токсон) күндүк мөөнөт үзгүлтүксүз убакыт жүрүү же болбосо бир нече ирет барып келүү катары каралышы мүмкүн.
2. Макулдашуучу тараптардын биринин мамлекетинин жарандарынын дипломатиялык паспортторунун колдонулуу мөөнөтү экинчи Макулдашуучу тараптын аймагына кирүү учуруна карата 6 (алты) айдан кем болбоого тийиш.
3. Макулдашуучу тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык иштөөгө уруксат талап кылынган акы төлөнүүчү ишти аткарууга уруксат берилбейт.
4. Кыргыз Республикасынын жарандарынын Норвегия Королдугунда жүрүү мөөнөтүн аныктоо максатында Шенген макулдашуусу колдонулган кайсыл болбосун башка мамлекетте жүрүү мезгили толугу менен эске алынат.
2-берене.
1. Ушул Макулдашуу экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагында жайгашкан дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин мүчөлөрү же эл аралык өкмөттүк уюмдар же келишимдик органдар тарабынан жалданган адамдар болуп саналган жарактуу дипломатиялык паспорттордун ээлерин же алардын үй-бүлө мүчөлөрүн алар келгенге чейин кабыл алуучу мамлекетте виза алуу зарылдыгынан бошотпойт.
2. Ушул Макулдашууда эч бир нерсе 1961-жылдын 18-апрелиндеги Дипломатиялык байланыштар жөнүндө Вена конвенциясында же 1963-жылдын 24-апрелиндеги Консулдук байланыштар жөнүндө Вена конвенциясында белгиленген укуктарды жана милдеттенмелерди козгоо катары түшүнүлбөшү керек.
3-берене. Ушул Макулдашуу Макулдашуучу тараптардын ар биринин компетенттүү органдарынын келүүсү ылайыксыз деп жарыяланган адамдардын жана улуттук же эл аралык укукка ылайык кирүү же жашоо шарттарына жооп бербеген адамдардын кирүүсүнө баш тартуу же жүрүүсүнө тыюу салуу укуктарына таасирин тийгизбейт. 4-берене. Макулдашуучу тараптар экинчи Макулдашуучу тараптын аймагына мыйзамсыз киргени же жүргөнү аныкталган бардык дипломатиялык паспорттун ээлерин өз аймагына кайтарат. 5-берене. Ушул Макулдашуунун 1-беренесине ылайык визалык талаптардан бошотулган жарандын паспорту келген өлкөнүн аймагында жүргөн убакта жоголгон учурда бул факт тууралуу жүргөн өлкөгө дипломатиялык каналдар аркылуу кабарланууга тийиш. Жиберүүчү мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси өз жаранына жаңы паспорт же жүрүү документин тариздейт жана бул тууралуу кабыл алуучу өлкөгө дипломатиялык каналдар аркылуу кабарлайт. 6-берене.
1. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарап менен ушул Макулдашуу күчүнө киргенден кийин дипломатиялык каналдар боюнча дипломатиялык паспорттордун үлгүлөрү, анын ичинде мындай документтердин толук сүрөттөлүшү менен алмашат.
2. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарапка дипломатиялык каналдар боюнча жаңы же өзгөртүлгөн дипломатиялык паспорттордун үлгүлөрүн, анын ичинде мындай документтердин толук сүрөттөлүшүн алар колдонууга киргизилгенге чейин отуз (30) күндөн кечиктирбестен жөнөтөт.
7-берене. Макулдашуучу тараптар өз ара макулдашуу боюнча ушул Макулдашууга анын ажыратылгыс бөлүктөрү болуп саналган кошумча протоколдор же ноталар менен алмашуу аркылуу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизиши мүмкүн. 8-берене. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөгө жана ишке ашырууга байланыштуу келип чыккан бардык пикир келишпестиктер же талаш-тартыштар Макулдашуучу тараптардын ортосунда консультацияларды же сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет. 9-берене.
1. Ушул Макулдашуу Макулдашуучу тараптар бири-бирине бул Макулдашуунун күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон тийиштүү ички укуктук жол-жоболордун аяктагандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлоону алган датадан тартып 30 (отуз) күндөн кийин күчүнө кирет, бирок Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Норвегия Королдугунун Өкмөтүнүн ортосунда уруксатсыз жашап жаткан адамдардын реадмиссиясы жөнүндө макулдашуу күчүнө киргенден эрте эмес.
2. Макулдашуучу тараптардын ар бири коомдук тартипти, улуттук коопсуздукту же калктын ден соолугун коргоону, мыйзамсыз миграцияны же Макулдашуучу тараптардын биринин визалык режимди кайра киргизгенин эске алуу менен ушул Макулдашуунун колдонулушун толук же жарым-жартылай токтотуп турууга укуктуу. Токтотуп туруу жөнүндө чечим экинчи Макулдашуучу тарапка мындай чечим күчүнө киргенге чейин 72 (жетимиш эки) сааттан кечиктирбестен жиберилет.
Ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуп турган Макулдашуучу тарап токтотуп туруунун себеби четтетилгенден кийин экинчи Макулдашуучу тарапка жазуу жүзүндө дипломатиялык каналдар боюнча тез арада маалымдайт. Токтотуп туруу ушул Макулдашуунун 1-беренесинде айтылган, экинчи Макулдашуучу тараптын мамлекетинин аймагына жүргөн жарандардын укуктарына таасирин тийгизбейт.
3. Макулдашуучу тараптардын ар бири экинчи Макулдашуучу тарапка дипломатиялык каналдар боюнча жазуу жүзүндө кабарлоо менен ушул Макулдашуунун колдонулушун токтото алат. Ушул Макулдашуу мындай жазуу жүзүндөгү кабарлоону алган датадан тартып 90 (токсон) күндөн кийин колдонулушун токтотот.
Муну күбөлөндүрүү үчүн өзүнүн тийиштүү Өкмөттөрү тарабынан тиешелүү түрдө ыйгарым укук берилген төмөндө кол койгондор, ушул Макулдашууга кол коюшту.
Макулдашуу ____________ шаарында, 20__-жылдын "__" ___________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, норвегия, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тилдердеги тексттер бирдей аутенттүү болуп саналат. Чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда англис тилиндеги тексти артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн
Норвегия Королдугунун Өкмөтү үчүн
_____________________________
_____________________________
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- ВЕНСКАЯ КОНВЕНЦИЯ о консульских сношениях (Кыргызская Республика присоединилась постановлением Жогорку Кенеша КР от 12 января 1994 года № 1408-XII)Конвенция · 24.04.1963
- ВЕНСКАЯ КОНВЕНЦИЯ № 1138 о дипломатических сношениях (Кыргызская Республика присоединилась постановлением Жогорку Кенеша КР от 12 января 1994 года № 1407-XII)Конвенция · 18.04.1961
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64