# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы № 53-б "Бюджеттик мекемелердин атайын эсептеринде топтолуучу каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максаты жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы № 53-б "Бюджеттик мекемелердин атайын эсептеринде топтолуучу каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максаты жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 53-р
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.03.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216815>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16556/edition/931323/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216815.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы № 53-б "Бюджеттик мекемелердин атайын эсептеринде топтолуучу каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максаты жөнүндө" буйругу (15.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216815

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 15-марты, № 53-б Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, бюджеттик мекемелердин атайын эсептеринде топтолуучу каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2019-жылдын республикалык бюджетине езгөртүүлөр киргизилгенге чейин, белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттиктин 2019-жылга карата атайын эсебиндеги каражатты 3 642 500 (үч миллион алты жүз кырк зки миң беш жүз) сомго көбөйтсүн;

- "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизгенде ушул өзгөртүүнү караштырсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттик бөлүнгөн каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыздасын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
