Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кум-Дөбө айылдык кеңешинин «“Жергиликтүү кеңештин типтүү этикалык кодексин, аксакалдар сотунун типтүү регламентин бекитүү жөнүндө” токтому
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ VI чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы
2018-жылдын 7-декабры № 25/6 “Жергиликтүү кеңештин типтүү этикалык кодексин, аксакалдар сотунун типтүү регламентин бекитүү жөнүндө” Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ө.Ишенгуловдун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майында № 258-токтому менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин Жобосунун 6-пунктунун “б” пунктчасынын 2-абзацына ылайык, жергиликтүү кеңештердин типтүү этикалык Кодекси жана аксакалдар сотунун ишинин типтүү регламентин бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин жогорудагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдагы 8-майындагы № 258-токтомуна ылайык, айылдык кеңешинин этикалык Кодекси жана аксакалдар сотунун ишин типтүү регламенти бекитилсин.
2. Жогорудагы айылдык кеңешинин этикалык Кодексинин аксакалдар сотунун ишин типтүү регламентинин бекитилгенин көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин мандат, депутаттык иш, этика, мыйзамдуулукту, коомдук тартипти сактоо жана адамдардын укуктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
А.Өмүров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 258 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик…Постановление · 08.05.2013 · № 258 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.