Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн « Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Коми Республикасынын Өкмөтүнүн (Россия Федерациясы) ортосундагы Соода-экономикалык жана социалдык-маданий кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоору жактыруу жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 25-декабры № 453-б Кыргыз Республикасы менен Коми Республикасынын (Россия Федерациясы) ортосунда соода-экономикалык жана социалдык-маданий кызматташууну өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Коми Республикасынын Өкмөтүнүн (Россия Федерациясы) ортосундагы Соода-экономикалык жана социалдык-маданий кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Коми Республикасынын Өкмөтүнүн (Россия Федерациясы) ортосундагы Соода-экономикалык жана социалдык-маданий кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Коми Республикасынын Өкмөтү (Россия Федерациясы), мындан ары "Тараптар" деп аталып, 1992-жылдын 10-июнундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Достук, кызматташтык жана өз ара жардам жөнүндө келишимди жетекчиликке алуу менен, эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө өз ара кызыкчылыкты эске алып, Кыргыз Республикасынын жана Коми Республикасынын (Россия Федерациясы) аймагында жайгашкан чарба субъекттеринин (мындан ары - чарба субъекттери) ортосунда кызматташууга дем берүүгө умтулуп, Тараптардын ортосунда гуманитардык чөйрөдөгү кызматташууга жагымдуу шарттарды түзүүнү каалоо менен, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты: 1-берене. Тараптар өнөр жайды, энергетиканы, айыл чарбасын, коммуникацияларды, транспортту, курулушту, саламаттык сактоону, билим берүүнү, эмгекти жана социалдык коргоону, маданиятты, искусствону, спортту жана туризмди кошкондо, соода-экономикалык жана социалдык-маданий чөйрөлөрдө теңдиктин, достуктун жана өз ара пайданын негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Россия Федерациясынын мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы катышуучулары болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык кызматташууну ишке ашырышат. 2-берене. Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Россия Федерациясынын мыйзамдары менен экспорту жана импорту чектелген же тыюу салынган сырьёдон жана продукциядан тышкары, өздөрүнүн компетенцияларынын чегинде Кыргыз Республикасында жана Коми Республикасында (Россия Федерациясы) өндүрүлгөн айыл чарба жана өнөр жай продукциясынын экспортуна жана импортуна көмөк көрсөтүшөт, ошондой эле биргелешкен көргөзмөлөрдү жана жармаңкелерди уюштурууга жана өткөрүүгө өз ара жардамдашат. 3-берене. Тараптар өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Тараптар үчүн өз ара кызыкчылыкты жараткан, анын ичинде үчүнчү тараптардын катышуусу менен долбоорлорду жана программаларды иштеп чыгуу, биргелешип инвестициялоо жана ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүшөт. 4-берене. Тараптар Кыргыз Республикасынын жана Коми Республикасынын (Россия Федерациясы) ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда натыйжалуу контакттарды өнүктүрүү, соода-өнөр жай палаталарынын багыттары боюнча өз ара аракеттенүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүшөт. 5-берене. Тараптар саламаттык сактоо, билим берүү, эмгек жана социалдык коргоо чөйрөлөрүндө кызматташууну өнүктүрүүгө, жаштардын жана башка коомдук уюмдардын ортосунда өз ара аракеттенүүгө көмөк көрсөтүшөт. 6-берене. Тараптар искусство жана кинематография жаатында кызматташуу жана маданий алмашууну өнүктүрүү, элдик салттарды сактоо жана популяризациялоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүшөт. 7-берене. Тараптар туризм, спорт тармагындагы кызматташууну өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча макулдашылган чараларды көрүшөт, туристтик, спорттук жана жаштар делегациялары менен алмашууга дем беришет, спортту, уюштурулган жеке туризмди өнүктүрүү максатында ишкердик жүргүзгөн ассоциациялардын жана уюмдардын ортосундагы иштиктүү байланыштарды орнотууга көмөк көрсөтүшөт. 8-берене. Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык ушул Макулдашууну ишке ашырууга багытталган программаларды жана (же) иш-чаралар планын иштеп чыгышат жана кабыл алышат, ошондой эле ушул Макулдашууну ишке ашырууга багытталган программалардын жана (же) пландардын аткарылышын контролдоо жана аларга көмөк көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Коми Республикасынын Өкмөтүнүн (Россия Федерациясынын) ишин координациялоо үчүн биргелешкен комиссияларды жана (же) жумушчу топторду түзүшөт. Ушул Макулдашууга ылайык долбоорлор, программалар, пландар жана башка келишимдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Коми Республикасынын Өкмөтү (Россия Федерациясы), чарба субъекттери тарабынан түздөн-түз ишке ашырылат. Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Россия Федерациясынын мыйзамдарында белгиленген учурлардан тышкары, ушул Макулдашууну ишке ашыруу алкагында чарба субъекттеринин ортосунда түзүлгөн келишимдерден жана контракттардан келип чыккан милдеттер боюнча жоопкерчилик тартышпайт. 9-берене. Ушул Макулдашуунун негизинде Тараптар алган маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык жана ушул маалымат алынган Тараптын жазуу жүзүндөгү уруксаты болгон учурда гана үчүнчү тарапка берилиши мүмкүн. Ушул Макулдашуунун алкагында Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик, коммерциялык жана мыйзам менен корголгон башка сырды түзгөн маалымат менен алмашышпайт. 10-берене. Тараптар ушул Макулдашуунун жоболорунун аткарылышына таасирин тийгизүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы жана Россия Федерациясынын мыйзамдарындагы бардык өзгөртүүлөр жөнүндө бири-бирин маалымдашат. 11-берене. Ушул Макулдашуу Тараптардын башка келишимдери боюнча укуктарына жана милдеттерине тиешеси жок, эки тараптуу байланыштардын алкагындагы кызматташуунун башка түрүн колдонууга Тараптардын укуктарын чектебейт. 12-берене. Ушул Макулдашууну талкуулоого жана колдонууга тиешелүү талаш маселелер консультациялар жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет, алардын жол-жобосу Тараптардын макулдашуусу боюнча аныкталат. 13-берене. Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өз алдынча протоколдор менен таризделет жана ушул Макулдашуунун 14-беренесинде белгиленген тартипте күчүнө кирет. 14-берене. Ушул Макулдашуу, анын күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон ички жол-жоболорду Россия Тарап аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүнү Кыргыз Тарап алган күндөн тартып күчүнө кирет жана беш жылдын ичинде колдонулат. Эгерде Тараптардын бири экинчи Тарапка ушул Макулдашуунун колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейинки алты айдан кем эмес мезгилде анын аракетин токтотуу жөнүндө өзүнүн ниетин билдирген кат жүзүндөгү билдирүү жөнөтпөсө, ушул Макулдашуу кийинки беш жылга автоматтык түрдө узарат. Ушул Макулдашуунун токтотулушу ушул Макулдашууга ылайык ишке ашырылган программаларды, долбоорлорду, контракттарды, келишимдерди, протоколдорду аткаруу боюнча милдеттенмелерге таасирин тийгизбейт. 20__-жылдын "__" __________ ______________шаарында эки нускада, ар бири кыргыз жана орус тилдеринде түзүлдү, мында эки текст тең бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн
Коми Республикасынын Өкмөтү (Россия Федерациясы) үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.