# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-декабрындагы № 448-б "2015-жылдын 31-мартындагы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколдун расмий тилде долбоорун жактыруу жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-декабрындагы № 448-б "2015-жылдын 31-мартындагы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколдун расмий тилде долбоорун жактыруу жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 448-р
- Кабыл алынган күнү: 24.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216745>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16541/edition/927922/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216745.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-декабрындагы № 448-б "2015-жылдын 31-мартындагы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколдун расмий тилде долбоорун жактыруу жөнүндө" буйругу (24.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216745

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 24-декабры № 448-б

1. 2015-жылдын 31-мартындагы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколдун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары Байгончоков Мирланбек Конушбековичке жогоруда аталган Протоколго принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
