# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 82 "Ички аудит боюнча кеңеш тиркемеге ылайык курамда бекитүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 82 "Ички аудит боюнча кеңеш тиркемеге ылайык курамда бекитүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 19.02.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216704>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16500/edition/1131823/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216704.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 82 "Ички аудит боюнча кеңеш тиркемеге ылайык курамда бекитүү жөнүндө" буйругу (26.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216704

---

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 26-февралындагы № 164 тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2019-жылдын 19-февралы № 82 (КР Премьер-министринин 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 419 буйругунун редакциясына ылайык) "Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 498 "Ички аудит боюнча кеңеш жөнүндө" токтомуна ылайык:

1. Ички аудит боюнча кеңеш тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 442 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 29-июнундагы № 350 буйругу.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев

Тиркеме

Ички аудит боюнча кеңештин курамы (КР Премьер-министринин 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 419 буйруктарынын редакцияларына ылайык)

Жеенбаева Бактыгуль Жаныбековна

\-

Кыргыз Республикасынын Финансы министри, Кеңештин төрагасы.

Кеңештин мүчөлөрү:

Садыркулова Айжан Медетовна

\-

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору (макулдашуу боюнча);

Конокбаев Данияр Тынычбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы

Кылжыев Самат Аскербекович

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы;

Муканбетов Санжар Турдукожоевич

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы;

Адиева Айнура Абдужалаловна

\-

Кыргыз Республикасынын эл аралык университетинин ректору (макулдашуу боюнча);

Гетман Валерия Валерьевна

\-

Бухгалтерлер жана аудиторлор коомдук бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);

Абдразакова Кенжегуль Мамбетжановна

\-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ички аудит жана бухгалтердик эсеп методологиялык башкармалыгынын ички аудит методологиясы бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу, Кеңештин жооптуу катчысы.

Премьер-министр

К.А. Боронов
