# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 27-б "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын мамлекеттер аралык пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын комиссиясынын кыргыз бөлүгү курамда түзүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 27-б "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын мамлекеттер аралык пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын комиссиясынын кыргыз бөлүгү курамда түзүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 27-р
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2019
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.02.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216695>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16491/edition/961620/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216695.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.02.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 27-б "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын мамлекеттер аралык пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын комиссиясынын кыргыз бөлүгү курамда түзүү жөнүндө" буйругу (20.02.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216695

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-августундагы № 289-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 20-февралы № 27-б 2017-жылдын 6-октябрында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын мамлекеттер аралык пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун 3-беренесин ишке ашыруу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын мамлекеттер аралык пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын комиссиясынын кыргыз бөлүгү тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын мамлекеттер аралык пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ

Керималиев Жаныбек Калканович

\-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы;

Таштаналиев Көкүмбек Жумагулович

\-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин башкы директору, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасынын орун басары;

Азимов Алмаз Курбаналиевич

\-

Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;

Орозалиев Алмаз Кыдырмаевич

\-

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары;

Токтоболотов Самат Николаевич

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары;

Алмакунов Азамат Жумабекович

\-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Тышкы саясатты талдоо, пландаштыруу жана координациялоо департаментинин директору;

Мамат уулу Чынгыз

\-

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бөлүм начальниги;

Асанходжаев Рыскелди Галиевич

\-

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин директорунун орун басары;

Жанбиев Нурлан Касымбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын чек аралык контролдоо башкармалыгынын начальниги;

Акматова Индира Болотовна

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажылык контролдоону уюштуруу башкармалыгынын бажылык текшерүү бөлүмүнүн улук инспектору;

Жолдошалиев Искендер Алымкулович

\-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин башкы директорунун орун басары;

Гутник Валерий Геннадьевич

\-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин гидромелиорациялык системаларды жана курулмаларды эксплуатациялоо башкармалыгынын начальниги;

Сулайманов Акылбек Таштанбекович

\-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин суу ресурстары, суу пайдалануу жана мамлекеттер аралык суу бөлүштүрүү бөлүмүнүн начальниги;

Токтоналиев Бузурманкул Токтогулович

\-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин алдындагы Долбоорлоо-конструктордук жана "Суу автоматика жана метрология" технологиялык институтунун директору;

Абдувалиев Таалай Гапурович

\-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин алдындагы Жалал-Абад суу чарба бассейндик башкармалыгынын начальниги.
