# КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-февралындагы, 28-б "Айыл чарба продукциясын экспорттоону илгерилетүү жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максаты жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-февралындагы, 28-б "Айыл чарба продукциясын экспорттоону илгерилетүү жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максаты жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 28-р
- Кабыл алынган күнү: 22.02.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.02.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216685>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16481/edition/926428/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216685.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.02.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 22-февралындагы, 28-б "Айыл чарба продукциясын экспорттоону илгерилетүү жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максаты жөнүндө" буйругу (22.02.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216685

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 22-февралы, 28-б Айыл чарба продукциясын экспорттоону илгерилетүү жана айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги, "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы:

- жүк жөнөтүүчүлөргө 2019-жылдын 1-майына чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча экспорттоого арналган картошканы темир жол транспорту менен ташуу боюнча тарифтерге 60 пайыздык жеңилдикти жана кошумча кызмат көрсөтүүлөрге (жумуштарга) 50 пайыздык жеңилдикти белгиленген тартипте беришсин;

- экспорттоого арналган картошканы жөнөтүү планынын көлөмүн жүк жөнөтүүчүлөрдүн табыштамаларынын негизинде түзүшсүн.

- Кыргыз Республикасында жүктөө үчүн вагондорду өз убагында камсыздоо үчүн экспортко жиберилип жаткан картошканы вагондордон кечиктирбей түшүрүүнү камсыз кылуу боюнча чараларды көрүшсүн;

- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен бирдикте 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 24-тиркемесине ылайык жеңилдиктердин берилгендиги жөнүндө Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарына жана Евразия экономикалык комиссиясына белгиленген тартипте кабарлашсын.

2. Жүк алуучуларга жана жүк жөнөтүүчүлөргө жүк салуу максатында вагондорду өз убагында берүүнү камсыздоо үчүн вагондордон экспорттолуучу картошканы кечиктирбей түшүрүү сунушталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган картошканы темир жол транспорту аркылуу ташуу боюнча жеңилдиктерди берүү менен байланышкан "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын 2019-жылдагы иштеринин жыйынтыгы менен бюджетке таза пайдадан чегерүүлөрдү жоюунун эсебине каражатты кириштөөнү караштырган өзгөртүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө, курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
