# КР Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министрдин 2019-жылдын 21- февралындагы № 25 "Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министрдин 2019-жылдын 21- февралындагы № 25 "Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 21.02.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.03.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216683>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16479/edition/1006227/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216683.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.03.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министрдин 2019-жылдын 21- февралындагы № 25 "Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү жөнүндө" буйругу (19.03.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216683

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2019-жылдын 21-февралы № 25 (КР Өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин 2020-жылдын 19-мартындагы № 38 буйрукуна ылаыйк)

1. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2020-жылдын 1-майына чейин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри жөнүндө жобонун долбоорун иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.

3. Ведомстволор аралык жумушчу топко төмөнкүдөй укук берилсин:

1) белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын кызматкерлерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга;

2) эксперттик чакан топторду түзүүгө;

3) жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды мамлекеттик бийлик органдарынан, башка уюмдардан сурап алууга.

4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ведомстволор аралык топтун ишине көмөк көрсөтүшсүн, керектелүүчү документтерди, маалыматтарды өз убагында беришсин

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү эл аралык уюмдар менен ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин техникалык жана финансылык колдоо жөнүндө маселени иштеп чыксын.

6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси --министрдин 2018-жылдын 24-июлундагы № 108 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр

С.А.Кылжыев

Тиркеме Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри жөнүндо жобонук долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы (КР Өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин 2020-жылдын 19-мартындагы № 38 буйрукуна ылаыйк)

Сарбагыш уулу Тилек

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн секторунун башчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;

Усубалиев Азизбек Зымчыбекович

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын башкармалыгынын начальниги, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча);

Сыдыкова Лейла Чынтургановна

Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин эл аралык иштер боюнча проректору, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча);

Жунусов Азамат Акматалиевич

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча);

Мамытов Бексултан Абакирович

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн эксперти;

Бактыгулов Улан Султанович

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрилигинин башкармалыгынын начальниги;

Султанов Шумкар Алманбетович

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрилигинин башкармалыгынын начальнигинин орун басары;

Дуйшеналиев Азамат Ашымбекович

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрилигинин улук тергөөчүсү;

Осмонова Салтанат Муратовна

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигининулук тескөөчүсү

Бакеев Самат Бегалиев

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрилигинин улук оперкызмакери;

Аширматов Жайнагуль Кубанычбеков

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрилигинин башкы адисиснин милдетин аткаруучу;

Романов Руслан Жээнбаевич

Кыргыз Республикасынын Юстиция мининстрилигинин алдындагы Пробация департаментинин башкармалыгынын начальниги;

Абышкаев Чолпонбек Эдилевич

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитенинин бөлүмүнүн начальниги;

Бараканов Улугбек Канатович

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитенинин бөлүмүнүн начальнигинин орун басары;

Даутов Анвар Ажимаметович

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин жетектөөчү адиси;

Юсупов Улугбек Турсунович

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы “АйТи сервис” мамлекеттик мекемесинин директору;

Аттокуров Эркин Жанышевич

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бөлүмүнүн начальниги;

Маратов Азамат Маратович

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын бөлүмүнүн начальниги;

Тешебаев Мухамедали Абдул-Аббосович

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын бөлүмүнүн начальниги;

Олжотоев Эльгиз

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын улук тергөөчүсү;

Кенжебаев Эдуард Мелисбекович

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын улук тергөөчүсү;

Канатов Урмат Канатович

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан алгачкы текшерүү боюнча ыйгарым укутуу адам;

Осмоналиев Бахтияр Турсунбекович

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын башкармалыгынын начальнигинин орун басары (макулдашуу боюнча);

Узакбаев Каныбек Мамасалиевич

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын башкармалыгынын начальнигинин орун басары (макулдашуу боюнча);

Качугулов Нурлан Хамильбекович

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын улук прокурору (макулдашуу боюнча)

Камолидинов Сирожиддин Дилаворжанович

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын улук прокурору (макулдашуу боюнча)

Есенкулова Салтанат Арстанбековна

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын бөлүмүнүн улук референти (макулдашуу боюнча);

Аденова Гульзамира Аникеевна

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын бөлүмүнүн улук референти (макулдашуу боюнча);

Джаликов Бахтияр Алмазбекович

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунуна караштуу Сот департаментинин алдындагы “Адилет сот” мекемесинин башкаруучусунун милдетин аткаруучу (макулдашуу боюнча);

Степанов Константин Александрович

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин алдындагы “Адилет сот” мекемесинин долбоорлордун жетекчиси (макулдашуу боюнча);

Сманалиев Кынатбек Мойнокович

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинин деканы (макулдашуу боюнча);

Ашуралиева Тахмина Мирзалиевна

адвокат, көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);

Теңизбаев Бектур Алматаевич

көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
