Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-сентябрындагы № 454-б буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 6-декабры № 427-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-октябрындагы № 360-б буйругу менен бекитилген 2018-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында Ачык Өкмөттү куруу боюнча улуттук иш-аракеттер планын жүзөгө ашыруу жана мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун институттарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуу механизмин түзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-сентябрындагы № 454-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коррупцияга каршы кеңеш жөнүндө жобо ушул буйруктук тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Тиркеме "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коррупцияга каршы кеңеш жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коррупцияга каршы кеңештин (мындан ары - Кеңеш) ишинин тартибин аныктайт. Кеңеш коррупцияга каршы макулдашылган чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандык коом жана бизнес-коомчулугу менен биргелешкен ишин камсыздоочу, туруктуу иштеген консультативдик-кеңеш берүүчү орган болуп эсептелет.
2. Кеңеш өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле ушул Жобого ылайык ишке ашырат.
3. Кеңештин төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Премьер-министри эсептелет. Төраганын орун басарлары болуп милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри жана жарандык коомдун өкүлү эсептелет. Жарандык коомдон төраганын орун басары жарандык коомдон түзүлгөн Кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен көрсөтүлөт.
4. Кеңештин ишин уюштуруучулук жана методикалык камсыздоо Катчылык тарабынан ишке ашырылат. Катчылыктын функцияларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү аткарат, анын жетекчиси Кеңештин катчысы болуп саналат.
2. Кеңештин максаты, милдеттери жана функциялары
5. Кеңештин максаты мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жарандык коомдун жана бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн коррупцияга каршы күрөшүүдө күч-аракеттерин уюштуруу жана бириктирүү боюнча өз ара аракеттенүүсүнүн туруктуу натыйжалуу механизмин куруу болуп саналат.
6. Кеңештин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- жарандык коомдун жана бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүн коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды биргелешип иштеп чыгуу процессине тартуу;
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун жана бизнес-коомчулугунун ортосунда коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча конструктивдик диалогду, натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү жана кызматташтыкты камсыздоо;
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун жана бизнес-коомчулугунун коррупцияга каршы аракеттенүү чараларын ишке ашыруу боюнча күч-аракеттерин координациялоо жана консолидациялоо;
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун жана бизнес-коомчулугунун ортосунда коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча социалдык өнөктөштүктүн иштиктүү механизмдерин иштеп чыгуу;
- коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча чаралардын ишке ашуусуна дайыма мониторинг жүргүзүү жана аны баалоо,
7. Кеңеш коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин коомдук контролдоонун механизмин иштеп чыгуу жана киргизүү;
- коррупцияга каршы чараларга коомдук мониторинг жүргүзүүгө жана контролдоого көмөктөшүү;
- коррупцияга каршы чараларды аткаруунун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын отчетторун, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупцияга каршы ишине коомдук мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы менен жарандык коомдун жана бизнес-коомчулугунун уюмдарынын альтернативдик маалымат-отчетторун угуу, рекомендацияларды жана сунуштарды иштеп чыгуу менен жарыялоо;
- коррупцияга каршы чаралардын аткарылышына коомдук мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы менен мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын отчетторун, ошондой эле жарандык коомдун жана бизнес-коомчулугунун уюмдарынын маалымат-отчетторун угуунун жана талкуулоонун жыйынтыгы боюнча рекомендацияларды жана сунуштарды иштеп чыгуу;
- коррупцияга каршы саясаттын жана коррупцияга каршы чаралардын пайдаланылуучу индикаторлоруна мониторинг жүргүзүү системасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү;
- коррупцияга каршы аракеттенүү чараларынын системасын иштеп чыгуу;
- коомдо коррупцияга карата терс мамилени түзүүдө, коррупциялык мыйзам бузуулардын алдын алууда жана профилактикалоодо, коррупциянын булактары жана кесепеттери, коррупциянын алдын алуу жана аны менен күрөшүү инструменттери, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүдө жарандардын укуктары жөнүндө коомдун маалымдуулугунун деңгээлин жогорулатууда мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөтүү;
- жарандык коомдун жана бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын ала алууга байланышкан демилгелерин кароо жана алар боюнча чечим кабыл алуу.
8. Кеңеш өз ишинде төмөнкү принциптерди жетекчиликке алат:
- иштин ачыктыгы жана айкындуулугу;
- чыгарылган чечимдердин негиздүүлүгү;
- коомдук кызыкчылыкка багытталгандык;
- реалдуу өлчөнүүчү жыйынтыкка жетүүгө багытталгандык;
- теңчилик жана өнөктөштүк.
3. Кеңештин жана анын мүчөлөрүнүн укуктары
9. Кеңеш өзүнө жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- өз иши жөнүндө отчетторду даярдоого жана жарыялоого;
- коррупцияга каршы чараларды ишке ашыруунун актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн ачык иш-чараларды (семинарларды, конференцияларды, коомдук угууларды жана башка иш-чараларды) уюштурууга жана өткөрүүгө;
- туруктуу жана убактылуу жумуш органдарын түзүүгө;
- өз ишине аткаруу бийлигинин органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин, ата мекендик жана эл аралык уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрүн, мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук кеңештердин мүчөлөрүн, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте тартууга;
- мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан өз ишине зарыл болгон маалыматты суроого жана алууга;
- Кеңештин жыйынынын күн тартибиндеги маселелерди талкуулоо үчүн тийиштүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн чакырууга;
- Кеңештин ишин камсыздоо үчүн донордук жана башка демөөрчүлүк каражаттарды белгиленген тартипте тартууга.
10. Кеңештин мүчөлөрүнүн укуктары.
Кеңештин мүчөлөрү Кеңештин ишин аткарууда бирдей укуктарга ээ. Кеңештин ар бир мүчөсү төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кеңештин жыйынынын күн тартибине сунуштарды киргизүүгө;
- Кеңештин ишин өркүндөтүү боюнча рекомендацияларды жана сунуштарды киргизүүгө;
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун жана бизнес-коомчулугунун ортосунда өз ара аракеттенүүнүн иштиктүү механизмдерин иштеп чыгуу боюнча сунуштарды жана рекомендацияларды киргизүүгө;
- Кеңештин жыйынында каралган маселелер боюнча өзгөчө ой-пикирге ээ болууга.
4. Кеңештин мүчөлөрүнүн милдеттери
11. Кеңештин мүчөлөрү жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн милдеттерди аткарышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн Кеңештин мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кеңештин жыйынынын күн тартибине сунуштарды киргизүүгө;
- Кеңештин чечимдерин ишке ашыруу боюнча протоколдук тапшырмаларды Кеңештин катчылыгына маалымат берүү менен белгиленген мөөнөттө аткарууга;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен өз иши жөнүндө отчетторду Катчылыкка киргизүү жана ведомстволук сайттарга жарыялоо.
Жарандык коомдон жана бизнес-коомчулугунан Кеңештин мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кеңештин жыйынынын күн тартибине киргизүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- Кеңештин жыйынына коюлган маселелер боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;
- жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгын талдоого алынган тармакта аныкталган проблемаларды чечүү боюнча иштиктүү сунуштарды иштеп чыгуу менен Кеңештин жыйындарына киргизүүгө;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кеңештин алкагында аткарылган иштер жөнүндө отчетту Катчылыкка берүүгө.
5. Кеңешти түзүү
12. Кеңештин курамы Өкмөттүн, жарандык коомдун жана бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн паритеттүү катышуу принциптеринде түзүлөт.
13. Жарандык коомдон жана бизнес-коомчулугунан Кеңештин мүчөлөрү жыйналыштарда жарандык коомдун уюмдарынан көрсөтүү жолу менен эки жылга шайланышат.
Жарандык коомдун уюмдары төмөнкү талаптарга ылайык келиши керек:
- юстиция органдарында каттоодо болушу;
- коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндө үч жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
- эксперттик потенциалдын (коррупцияга каршы окуудан өткөндүгү жөнүндө сертификаттар) болушу;
- изилдөөлөрдү жүргүзүү тажрыйбасы (жүргүзүлгөн жана/же жарыяланган изилдөөлөрдүн тизмеси).
14. Кеңештин жеке курамы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен бекитилет.
6. Кеңештин ишин уюштуруу
15. Кеңеш өз ишин жыйындар, "тегерек столдор", коомдук угуулар форматында бардык маселелерди эркин талкуулоонун жана чечимдерди жамааттык кабыл алуунун негизинде жүргүзөт. Кеңештин жыйындары кварталына бирден кем эмес жолу өткөрүлөт. Зарылчылыкка жараша, Кеңештин төрагасынын тапшырмасы же Кеңештин катчысынын сунушу боюнча кезексиз жыйындар өткөрүлөт.
16. Кеңештин жыйындары ачык өткөрүлөт, аларга жарандар, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катыша алышат. Кеңештин жыйындарына ошондой эле мамлекеттик органдын ишине же жыйынга чыгарылган маселелерге байланышкан чөйрөдө адистешкен эксперттер, илимий жана башка консультанттар чакырылышы мүмкүн.
17. Күн тартибин жана Кеңештин жыйындарында маселелерди кароонун тартибин Кеңештин катчысынын сунушу боюнча Кеңештин төрагасы бекитет.
18. Кеңештин мүчөлөрү Кеңештин иштөө жана чечимдерди даярдоо процессинде бирдей укуктарга ээ болушат.
19. Кеңештин жыйынын Кеңештин төрагасы алып барат. Кеңештин төрагасы жок болгон учурда анын милдеттерин орун басарларынын бири аткарат. Кеңештин жыйыны ага Кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышса укуктуу деп эсептелет.
20. Кеңештин чечимдери жыйынга катышкандардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болуп калган учурда Кеңештин төрагасынын же аны алмаштыруучу адамдын добушу чечүүчү болуп саналат.
21. Кеңештин чечимдери Кеңештин Катчылыгы тарабынан жыйын өткөндөн кийин беш иш күндүн ичинде таризделет, Кеңештин төрагасы (ал жок учурда - төраганын орун басары) кол коёт жана Кеңештин мүчөлөрүнө, Кеңештин жыйындарынын катышуучуларына жана иш чөйрөсүнө кабыл алынган чечимдер кирген мамлекеттик органдарга жиберилет.
22. Чечимдерди кароонун жана кабыл алуунун жүрүшүндө Кеңештин мүчөлөрү тарабынан айтылган өзгөчө ой-пикирлер чечимге өзүнчө тиркеме менен таризделет.
23. Кеңештин чечиминин негизинде Катчылык аткаруу мөөнөттөрүн так белгилөө менен мамлекеттик органдар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тапшырмаларын даярдайт.
24. Мамлекеттик орган Кеңештин чечими менен макул болбосо, Кеңештин жыйыны өткөрүлгөн күндөн тартып үч иш күндүн ичинде жазуу жүзүндө негизделген жоопту берүүгө милдеттүү.
Мамлекеттик органдын жетекчиси Кеңештин чечимдеринин аткарылышы, өз убагында же талаптагыдай аткарылбагандыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
25. Кеңештин катчысы айрым маселелерди талкуулоо жана Кеңештин жыйынын даярдоо боюнча жумушчу кеңешмелерди өткөрүүгө укуктуу.
26. Кеңештин ишинин жыйынтыктары жалпыга маалымдоо каражаттарында үзгүлтүксүз жарыяланат.".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коррупцияга каршы кеңеш жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-сентябрындагы № 454-б буйругу менен бекитилген)Распоряжение · 15.09.2015 · № 454-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-октябрындагы № 360-р "2018-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында Ачык Өкмөттү куруу боюнча улуттук иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 16.10.2018 · № 360-р · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон