Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Премьер-министринин «2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын органикалык айыл чарба продукциясын экспорттоо потенциалын өнүктүрүү жана жогорулатуу программасынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү жөнүндө» буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Премьер-министра КР от 29 августа 2019 года № 481 (О признании утратившим силу распоряжение Премьер-министра Кыргызской Республики от 19 ноября 2018 года № 693)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-11-19.
КР Премьер-министринин 2019-жылдын 29-августундагы № 481 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2018-жылдын 19-ноябры № 693 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Биримдик. Ишенич. Жаратмандык" программасын ишке ашыруу алкагында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17 жана 18-беренелерине ылайык:
1. 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын органикалык айыл чарба продукциясын экспорттоо потенциалын өнүктүрүү жана жогорулатуу программасынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2018-жылдын 10-декабрына чейинки мөөнөттө 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын органикалык айыл чарба продукциясын экспорттоо потенциалын өнүктүрүү жана жогорулатуу программасынын (мындан ары - Программа) жана аны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын долбоорлорун иштеп чыксын.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартуу укугу берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги менен бирдикте ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук жана методикалык камсыздасын;
- ушул буйруктун 2-пунктунда аталган Программанын долбоорун 2019-жылдын 20-январына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Тиркеме 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын органикалык айыл чарба продукциясын экспорттоо потенциалын өнүктүрүү жана жогорулатуу программасын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Боронов Кубатбек Айылчиевич
-
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Жээналиев Алмаз Жээналиевич
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Кенжебаев Сыргак Медеркулович
-
Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директорунун орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Керималиев Жаныбек Калканович
-
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары;
Алыбаев Автандил Шейшенбекович
-
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;
Есеналиев Максатбек Кульчороевич
-
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;
Баяманова Зуура Эдуардовна
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
Муратов Абдиманап Аттокурович
-
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары;
Омокеев Айбек Талгатбекович
-
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин статс-катчысы;
Ногойбаев Женишбек Ашимкулович
-
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары;
Торутаев Алтынбек Элимович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
Исаков Кумар Саалаевич
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары;
Абиров Мыктыбек Медетбекович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
Аматов Эшмамбет Аматович
-
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Джусупбеков Бакытбек Асанбекович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
Исабеков Нарынбек Дюшекеевич
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин директору;
Сагынов Жумгалбек Сагынович
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Бюджеттик кредиттерди башкаруу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Наспеков Марс Дамирович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору;
Байдылдаев Мурат Курманбекович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Карагулова Айдай Нурдиновна
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
Акматбеков Улан Акматбекович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн эксперти.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Премьер-министринин 2019-жылдын 29-августундагы № 481 (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 19 ноябрындагы № 693 буйругу күчүн жоготту деп таанылуу жөнүндө)…Распоряжение · 29.08.2019 · № 481
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-августундагы № 413 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз…Постановление · 30.08.2018 · № 413 · Күчүн жоготкон