Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө» буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Кабинета Министров КР от 6 декабря 2024 года № 781-р (О признании утратившими силу распоряжения Правительства Кыргызской Республики, Кабинета Министров Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-12-06.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 19-ноябры № 408-б
1. Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө БУУ Конвенциясынын ченемдерин аткаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын бешинчи мезгилдүү баяндоосун даярдоо боюнча Ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) төмөнкү курамда түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри. Комиссиянын төрагасынын орун басары. Комиссиянын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмендин) орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн социалдык маселелерди тейлеген орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн социалдык маселелерди тейлеген орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн социалдык маселелерди тейлеген орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусуңдагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн социалдык маселелерди тейлеген орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн социалдык маселелерди тейлеген орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн социалдык маселелерди тейлеген орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн социалдык маселелерди тейлеген орун басары; Бишкек шаарынын социалдык маселелерди тейлеген вице-мэри (макулдашуу боюнча); Ош шаарынын социалдык маселелерди тейлеген вице-мэри (макулдашуу боюнча).
2. Комиссия жумушчу топторду түзүүгө жана мамлекеттик органдардын адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
3. Комиссия Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө БУУ Конвенциясынын ченемдерин аткаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын бешинчи мезгилдүү баяндоосунун долбоорун даярдоо үчүн министрликтерден, административдик ведомстволордон, башка мамлекеттик органдардан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн керектүү болгон маалыматтарды жана маалыматтык материалдарды суроого укуктуу экени аныкталсын.
4. Комиссия 2018-жылдын 25-декабрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө БУУ Конвенциясынын ченемдерин аткаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын бешинчи мезгилдүү баяндоосунун долбоорун берсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Конвенция ООН к постановлению Правительство КР от 19 июня 2009 года №387 "о ликвидации всех форм дискриминации в отношении женщин"Конвенция · 19.06.2009 · № 387 · Күчүн жоготкон