# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-ноябрындагы № 396-б "Эмгектенүү максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектүү санын белгилөөчү эмгек миграциясына квота 2019-жылга Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактары жана региондору боюнча аныкталоо жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-ноябрындагы № 396-б "Эмгектенүү максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектүү санын белгилөөчү эмгек миграциясына квота 2019-жылга Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактары жана региондору боюнча аныкталоо жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 396-б
- Кабыл алынган күнү: 06.11.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.11.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216640>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16439/edition/1141047/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216640.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-ноябрындагы № 396-б "Эмгектенүү максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектүү санын белгилөөчү эмгек миграциясына квота 2019-жылга Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактары жана региондору боюнча аныкталоо жөнүндө" буйругу (06.11.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216640

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 6-ноябры № 396-б "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Эмгектенүү максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектүү санын белгилөөчү эмгек миграциясына квота тиркемеге ылайык 2019-жылга Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактары жана региондору боюнча аныкталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактары жана региондору боюнча мүмкүн болуучу өзгөртүүлөр үчүн эмгек миграциясына квотанын бөлүштүрүлүшүнө квартал сайын талдоо жүргүзсүн.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев

Тиркеме 2019-жылга Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактары жана региондору боюнча эмгектенүү максатында Кыргыз Республикасына келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектүү санын белгилөөчү эмгек миграциясына КВОТА

Региондор

Экономиканын тармактары (адамдардын саны)

Жыйынтыгы

Өнөр жай, транспорт коммуникация жана курулуш

Айыл жана токой чарбасы, кайра иштетүүчү өнөр жайы

Энергетика, геологиялык чалгындоо жана кен казуу өнөр жайы

Соода, кызмат көрсөтүү чөйрөсү, коомдук тамактануу жана башка экономикалык иш

Саламаттык сактоо, билим, берүү, илим, маданият жана искусство

Кредит берүү, банк сектору, камсыздандыруу

баардыгы

анын ичинде жеке ишкерлик

Баткен облусу

370

25

70

40

5

30

5

540

Жалал-Абад облусу

2000

20

1720

60

10

100

5

3905

Ысык-Көл облусу

540

70

70

20

0

50

5

755

Нарын облусу

480

20

70

20

0

30

5

625

Ош облусу

400

30

100

250

130

20

5

805

Талас облусу

140

15

15

20

0

30

5

225

Чүй облусу

1420

140

455

100

5

140

5

2260

Бишкек шаары

2800

120

700

2750

775

1250

30

7650

Ош шаары

300

20

20

200

30

100

5

645

Республика боюнча баардыгы

8450

460

3220

3460

955

1750

70

17410
