Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Соода-экономикалык, илимий-техникалык кызматташуу боюнча кыргыз-индия өкмөттөр аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгүн бекитүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 14-ноябры № 405-б
1. Соода-экономикалык, илимий-техникалык кызматташуу боюнча кыргыз-индия өкмөттөр аралык комиссиясынын (мындан ары - Комиссия) кыргыз бөлүгү тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
2. Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрү 2018-жылдын 14-17-ноябрында Индия Республикасынын Нью-Дели шаарына командировкага жиберилсин.
3. Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасына республиканын министрликтеринин, административдик ведомстволорунун, ишканаларынын жана уюмдарынын адистерин алардын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн жетекчилери менен макулдашып, белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
4. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министри
М.Д.Абылгазиев
Тиркеме Соода-экономикалык, илимий-техникалык кызматташуу боюнча кыргыз-индия өкмөттөр аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ
Чолпонбаев Космосбек Сариевич
-
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри, комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы;
Тилеков Эрнист Абышевич
-
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология жана гематология борборунун директору;
Сыдыгалиев Ринат Болотбекович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти;
Алыбаева Мария Артельевна
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин директорунун орун басары;
Караева Зина Караевна
-
"Кыргызстандын эл аралык университети" окуу-илимий-өндүрүштүк комплексинин "Лингвистика жана аймак таануу" факультетинин деканы (макулдашуу боюнча);
Асылбаева Кымбат Рыспековна
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальниги;
Масалиев Осмонали Сатарович
-
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин эл аралык кызматташтык секторунун башчысы, Комиссиянын эксперттик бөлүгүнүн башчысы;
Ильина Жанна Васильевна
-
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана электрондук кызмат көрсөтүү саясатын түзүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
Давлесова Жибек Батырбековна
-
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, Комиссиянын жооптуу катчысы.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы №471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 26.08.2008 · № 471 · Күчүн жоготкон