# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-ноябрындагы № 397-б "Иммиграциялык квота аныкталоо жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-ноябрындагы № 397-б "Иммиграциялык квота аныкталоо жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 397-б
- Кабыл алынган күнү: 06.11.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.11.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216634>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16433/edition/1141057/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216634.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.11.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-ноябрындагы № 397-б "Иммиграциялык квота аныкталоо жөнүндө" буйругу (06.11.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216634

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 6-ноябры № 397-б "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. 2019-жылга Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча Кыргыз Республикасына иммиграцияга келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектүү санын белгилөөчү иммиграциялык квота тиркемеге ылайык аныкталсын.

2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев

Тиркеме 2019-жылга Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош шаарлары жана облустары боюнча Кыргыз Республикасына иммиграцияга келүүчү чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын чектүү санын белгилөөчү ИММИГРАЦИЯЛЫК КВОТА

№

Региондун аталышы

Саны (адам)

1

Бишкек шаары

335

2

Ош шаары

25

3

Баткен облусу

10

4

Жалал-Абад облусу

20

5

Ысык-Көл облусу

20

6

Нарын облусу

10

7

Ош облусу

20

8

Талас облусу

10

9

Чүй облусу

150

Республика боюнча баардыгы

600
