Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТРДИН «2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын Мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү туралуу» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТР
БУЙРУК 2018-жылдын 29-октябры № 157 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы № 26 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын Мамлекеттик стратегиясын жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Стамбул иш-аракеттер планына мониторинг жүргүзүүнүн төртүнчү раундунун жыйынтыгы боюнча Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун сунуштарын ишке ашыруу максатында:
1. 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын Мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ эки айлык мөөнөттө 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын Мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Аппарат жетекчиси - министр
Ш.У.Асымбеков
Тиркеме 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын Мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуучу ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Араев А.М.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Нурбеков Э.Э.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн коррупцияга каршы саясат секторунун башчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Ахметов Б.К.
-
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын талдоо жана болжолдоо секторунун башчысы (макулдашуу боюнча);
Молдобаев А.Т.
-
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин бөлүмүнүн сектор башчысы (макулдашуу боюнча);
Ахмаджанов М.А.
-
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын укуктук тартип, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин эксперти (макулдашуу боюнча);
Суюнбаева Д.А.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн коррупцияга каршы саясат секторунун эксперти;
Хуршудов А.Я.
-
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдарды аткаруунун көзөмөлү боюнча башкармалыгынын улук прокурору (макулдашуу боюнча);
Токтомамбетов К.Б.
-
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы (макулдашуу боюнча);
Абдырасулов Н.А.
-
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү (макулдашуу боюнча);
Айтмырзаев У.Ж.
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматынын бөлүмүнүн начальниги;
Молдокматов А.М.
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Башкы штабынын башкы инспектору;
Омельченко К.С.
-
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин коррупциянын алдын-алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү;
Тынаев У.
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин коррупциянын алдын-алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү;
Аскаров М.М.
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын бөлүмүнүн начальниги;
Асылбаева Г.Б.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Ички аудит башкармалыгынын коррупциянын алдын алуу боюнча бөлүмүнүн башкы инспектору;
Калбаев А.Р.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Ички коопсуздук жана коррупцияга каршы аракеттенүү башкармалыгынын улук оперкызматкери;
Кененбаев Ч.Т.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын юридика бөлүмүнүн башчысы;
Шабданалиев К.Т.
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;
Сатыбеков Б.Э.
-
көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
Торалиева Ж.Ш.
-
көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
Акенеев А.Ж.
-
көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
Орехов А.
-
көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
Бексултанов Ч.М.
-
көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.