# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 383-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 35, 37 жана 48-мекемелерин (жатак-абактарын) жоюу жол-жобосун жүргүзүү үчүн жоюу комиссиясын түзүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 383-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 35, 37 жана 48-мекемелерин (жатак-абактарын) жоюу жол-жобосун жүргүзүү үчүн жоюу комиссиясын түзүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 383-б
- Кабыл алынган күнү: 31.10.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.10.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216621>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16420/edition/939954/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216621.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.10.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 383-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 35, 37 жана 48-мекемелерин (жатак-абактарын) жоюу жол-жобосун жүргүзүү үчүн жоюу комиссиясын түзүү жөнүндө" буйругу (31.10.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216621

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 31-октябры № 383-б "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июлундагы № 321 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 35, 37 жана 48-мекемелерин (жатак-абактарын) жоюу жөнүндө" токтомунун 2-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 35, 37 жана 48-мекемелерин (жатак-абактарын) жоюу жол-жобосун жүргүзүү үчүн жоюу комиссиясы (мындан ары - жоюу комиссиясы) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Жоюу комиссиясы үч айлык мөөнөттө белгиленген тартипте:

- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган мекемелердин мүлкүн эсепке алууну жана баалоону жүргүзсүн;

- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган мекемелердин балансында турган имараттарды, материалдык-техникалык базаларды инвентаризациялоону жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын балансына кабыл алуу-өткөрүп берүүнү жүргүзсүн;

- жоюу балансын бекитсин.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев

Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 35, 37 жана 48-мекемелерин (жатак-абактарын) жоюу жол-жобосун жүргүзүү үчүн жоюу комиссиясынын КУРАМЫ

Адылбеков М.Ж.

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары, комиссиянын төрагасы;

Ильязов Н.К.

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору;

Исраилов Н.С.

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын финансы-экономикалык башкармалыгынын башчысы;

Суйунбаев Т.А.

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүмдөрдү аткаруу жана атайын эсепке алуу бөлүмүнүн инспектору;

Джороев М.С.

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кадрдык иштер боюнча башкармалыгынын инспектору;

Шейшенов А.С.

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башкы ыкчам-режимдик башкармалыгынын соттолгондор менен иштөө боюнча тобунун улук оперкызматкери;

Аскарбекова А.С.

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын укуктук камсыздоо башкармалыгынын инспектору;

Кыштобаева Н.Т.

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 37 мекемесинин бухгалтери;

Бейшенов М.К.

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун мүлктүк мамилелер башкармалыгынын башкы адиси.
