# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-сентябрындагы № 336-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы № 193-б буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-сентябрындагы № 336-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы № 193-б буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 336-р
- Кабыл алынган күнү: 21.09.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.09.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216598>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16403/edition/961612/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216598.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.09.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-сентябрындагы № 336-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы № 193-б буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" буйругу (21.09.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216598

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-июлундагы № 269-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 21-сентябры № 336-б Кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-июнундагы № 193-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен кызматташуу маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрине жогоруда аталган Келишимге принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.".

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-майындагы № 201-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-ноябрындагы № 516-б буйругунун 1 жана 3-пункттары.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
