# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 291-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-августундагы № 362-б буйругу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 26-б буйругу күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 291-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-августундагы № 362-б буйругу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 26-б буйругу күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 291-р
- Кабыл алынган күнү: 22.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.08.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216591>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16396/edition/899170/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216591.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.08.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 291-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-августундагы № 362-б буйругу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 26-б буйругу күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" буйругу (22.08.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216591

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК 2018-жылдын 22-августу № 291-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 692 "Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү программасынын аткарылгандыгына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-августундагы № 362-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 26-б буйругу.

2. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 692 "Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү программасынын ишке ашырылышы жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бир айлык мөөнөттө киргизсин.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
