# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдагы иштердин жыйынтыктары боюнча "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо жөнүндө жалпы мамлекеттик конкурстук комиссиянын чечимин бекитүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдагы иштердин жыйынтыктары боюнча "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо жөнүндө жалпы мамлекеттик конкурстук комиссиянын чечимин бекитүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 292-р
- Кабыл алынган күнү: 23.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.08.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216570>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16375/edition/898840/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216570.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.08.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдагы иштердин жыйынтыктары боюнча "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо жөнүндө жалпы мамлекеттик конкурстук комиссиянын чечимин бекитүү жөнүндө" буйругу (23.08.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216570

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 23-августу № 292-б Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерине дем берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 181 токтому менен бекитилген "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүү тартиби жөнүндө жобонун 19-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 22-июлундагы № 323 буйругу менен түзүлгөн жалпы мамлекеттик конкурстук комиссиянын чечимине ылайык:

1. 2017-жылдагы иштердин жыйынтыктары боюнча "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо жөнүндө жалпы мамлекеттик конкурстук комиссиянын чечими тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрүнө байгелерди тапшыруу үчүн 6000000 (алты миллион) сом бөлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрүнө байгелерди даярдоону жана тапшырууну уюштурсун.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев

Тиркеме 2017-жылдагы иштердин жыйынтыктары боюнча "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо жөнүндө жалпы мамлекеттик конкурстук комиссиянын ЧЕЧИМИ 2017-жылдагы иштердин жыйынтыктары боюнча "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына өткөрүлгөн жалпы мамлекеттик конкурстун жеңүүчүлөрү болуп төмөнкүлөр аныкталсын жана сыйлансын: биринчи топтун арасынан:

- I орун 1500000 (бир миллион беш жүз миң) сом байге фонду менен - Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр айыл өкмөтү;

- II орун 1000000 (бир миллион) сом байге фонду менен - Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтү;

- III орун 500000 (беш жүз миң) сом байге фонду менен - Талас облусунун Манас районунун Покровка айыл өкмөтү;

экинчи топтун арасынан:

- I орун 1500000 (бир миллион беш жүз миң) сом байге фонду менен - Ысык-Көл облусунун Түп районунун Кутургу айыл өкмөтү;

- II орун 1000000 (бир миллион) сом байге фонду менен - Нарын облусунун Жумгал районунун Баш-Кууганды айыл өкмөтү;

- III орун 500000 (беш жүз миң) сом байге фонду менен - Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айыл өкмөтү.
