Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Чолпон-Ата шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо» долбо боюнча кредиттик макулдашуунун долбоору; - Чолпон-Ата шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо максатында Борбордук Азиянын өлкөлөрү үчүн Инвестициялык фонддун каражаттарынан Европа бирлигинин инвестициялык грантынын алкагындагы Кыргыз Республикасынын жана Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын жана «Чолпон-Ата «Сууканалы» муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 10-июну № 255-б
1. Төмөнкү расмий тилде тиркелгендер жактырылсын:
- Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Чолпон-Ата шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашуунун долбоору;
- Чолпон-Ата шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо максатында Борбордук Азиянын өлкөлөрү үчүн Инвестициялык фонддун каражаттарынан Европа бирлигинин инвестициялык грантынын алкагындагы Кыргыз Республикасынын жана Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын жана "Чолпон-Ата "Сууканалы" муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашуунун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү оңдоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Чолпон-Ата шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча грант-элементти эсептөөдө ушул долбоордун алкагында тартылган инвестицияларды эске алсын.
Премьер-министр
С.Ш. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.