# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январындагы № 10-б "Пилоттук саламаттык сактоо уюмдарынын консолидацияланган бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун убактылуу тартиби 2-тиркемеге ылайык бекитүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январындагы № 10-б "Пилоттук саламаттык сактоо уюмдарынын консолидацияланган бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун убактылуу тартиби 2-тиркемеге ылайык бекитүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 10-р
- Кабыл алынган күнү: 17.01.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216496>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16301/edition/893675/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216496.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январындагы № 10-б "Пилоттук саламаттык сактоо уюмдарынын консолидацияланган бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун убактылуу тартиби 2-тиркемеге ылайык бекитүү жөнүндө" буйругу (25.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216496

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 238 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2017-жылдын 17-январы № 10-б Саламаттык сактоо уюмдарынын автономиясын кеңейтүү жана жоопкерчилигин жогорулатуу аркылуу калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапатын жакшыртуу жана саламаттык сактоо уюмдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. ''Саламаттык сактоо уюмдарынын автономиясы" пилоттук долбоор 2018-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө Ысык-Көл облусунун саламаттык сактоо уюмдарында (мындан ары - пилоттук саламаттык сактоо уюмдары) 1-тиркемеге ылайык ишке ашырылсын.

2. Пилоттук саламаттык сактоо уюмдарынын консолидацияланган бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун убактылуу тартиби 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду:

- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте 2017-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө Пилоттук саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн убактылуу тартибин иштеп чыгышсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизишсин.

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте пилоттук саламаттык сактоо уюмдарында долбоорду ишке ашырууга үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылышсын;

- пилоттук саламаттык сактоо уюмдарында жаңы эрежелерди жана иштин методдорун апробациялоонун жыйынтыктарына талдоо жүргүзүшсүн;

- "Саламаттык сактоо уюмдарынын автономиясы" пилоттук долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыктары боюнча отчетту 2019-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна беришсин.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду бекитилген бюджеттин чегинде пилоттук саламаттык сактоо уюмдарын өз убагында каржылоону камсыз кылышсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү "Саламаттык сактоо уюмдарынын автономиясы" пилоттук долбоорду ишке ашыруу мезгилинде анын ишке ашырылышына ар тараптан колдоо көрсөтсүн.

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков

1-тиркеме "Саламаттык сактоо уюмдарынын автономиясы" пилоттук долбооруна катышкан Ысык-Көл облусунун саламаттык сактоо уюмдарынын ТИЗМЕСИ Тоң районунун аймактык ооруканасы; Түп районунун аймактык ооруканасы; Жети-Өгүз районунун Жалпы дарыгердик практика борбору; Тоң районунун Үй-бүлөлүк медицина борбору; Түп районунун Үй-бүлөлүк медицина борбору; Юридикалык жак статусу бар:

- Тоң районундагы "Кара-Талаа";

- Түп районундагы "Сары-Кол";

- Жети-Өгүз районундагы "Жети-Өгүз";

- Жети-Өгүз районундагы "Тамга";

- Жети-Өгүз районундагы "Балтабай" үй-бүлөлүк дарыгерлердин топтору.
