# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы № 324-б "2017-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында энергетикалык субсидияларды кыскартуу жана социалдык коргоонун даректүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы № 324-б "2017-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында энергетикалык субсидияларды кыскартуу жана социалдык коргоонун даректүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 324-р
- Кабыл алынган күнү: 07.08.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 07.08.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216492>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16297/edition/981968/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216492.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-августундагы № 324-б "2017-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында энергетикалык субсидияларды кыскартуу жана социалдык коргоонун даректүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" буйругу (07.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216492

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-декабрындагы № 456-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2017-жылдын 7-августу № 324-б Кеңейтилген кредиттик механизмдин (ЕКФ) жардамы менен Эл аралык валюта фонду тарабынан колдоого алынуучу финансы-экономикалык программаны ишке ашыруу боюнча контролдук көрсөткүчтөрдү аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. 2017-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында энергетикалык субсидияларды кыскартуу жана социалдык коргоонун даректүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - План) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Планды ишке ашырууга тартылган министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы", "Түндүкэлектр", "Чыгышэлектр", "Жалалабадэлектр", "Ошэлектр" ачык акционердик коомдору (макулдашуу боюнча):

- Планды белгиленген мөөнөттө милдеттүү түрдө аткаруу боюнча толук чараларды көрүшсүн;

- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Планды аткаруу жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине беришсин.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков

Тиркеме 2017-2021-жылдарга Кыргыз Республикасынын энергетикалык субсидияларды кыскартуу жана социалдык коргоонун даректүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ

№

Максаты

Милдеттери

Чаралар/иштер

Ишке ашыруу мөөнөтү

Күтүлүүчү натыйжа

Жооптуу аткаруучу, кошо аткаруучулар

1

2

3

4

5

6

7

1

Энергетика секторунда субсидияларды кыскартууну камсыздоо

1. Чыгымдардын ордун толтуруу деңгээлин жогорулатуу

2018-2021-жылдарга электр жана жылуулук энергиясына Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү тарифтик саясатын иштеп чыгуу жана бекитүү

2017-жылдын декабры

Жылуулук жана электр энергиясына тарифтерди этап менен жогорулатуу

ОЭКМА

2. Электр жана жылуулук энергиясына тарифтерди жогорулатууга байланышкан кеңири маалыматтык компанияны жүргүзүү

Электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүгө реалдуу чыгымдар тууралуу калктын маалымдуулугун жогорулатуу боюнча иштер;

- төмөн тарифтер саясатынын жалпы экономикалык жана социалдык кесепеттери жөнүндө коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу

Туруктуу

Социалдык чыңалууну азайтуу, электр жана жылуулук энергиясына тарифтерди жогорулатуунун зарылдыгын түшүнүүнү жогорулатуу

ӨЭЖМК, "УЭХК" ААК (макулдашуу боюнча), бөлүштүрүүчү компаниялар (макулдашуу боюнча), ОЭКМА

3. Энергетикалык субсидияларга байланышкан бюджеттик жана жалпы экономикалык сарптоолордун ачык-айкындуулугун камсыздоо

Энергетика секторундагы трансферттер, ссудаларды рекредиттөө жана реструктуризациялоо жөнүндө маалыматтарды республикалык бюджетке карата түшүндүрмө катка киргизүү

Кезектеги финансылык жылга республикалык бюджеттин долбоорун түзүүдө

Бюджеттик чыгымдардын ачык-айкындуулугун жогорулатуу

ФМ

4. Башкаруу системасын чыңдоо

Бөлүштүрүүчү электр компанияларынын тармактарында электр энергиясынын жоготууларын 12,5%дык деңгээлге чейин азайтуу;

2017-жылдын декабры

Энергетика компанияларынын финансылык туруктуулугун жогорулатуу

ӨЭЖМК, "УЭХК" ААК (макулдашуу боюнча), бөлүштүрүүчү компаниялар (макулдашуу боюнча), жылуулук менен камсыздоочу ишканалар (макулдашуу боюнча)

- АСКУЭ прибордук камсыздоо деңгээлин 29%дык деңгээлге чейин жеткирүү;

2021-жылдын декабры

- төлөмдөрдү жыйноону 100%дык деңгээлде камсыздоо;

Жыл сайын

- электр жана жылуулук энергиясын иштеп чыгууга, транзиттөөгө, сатууга чыгымдардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү;

Жыл сайын

- ачык-айкындуулук жана отчеттуулук деңгээлин жогорулатуу;

- ОЭК ишканаларынын кирешелери жана чыгымдары тууралуу деталдуу отчетторду жарыялоо;

- жарыялоо тууралуу талаптарды аткарбагандык үчүн жоопкерчиликке тартуу

Туруктуу

5. Энергияны үнөмдөө саясатын өнүктүрүү

Кыргыз Республикасында энергетикалык текшерүүнү ишке киргизүү

2017-жыл

Энергия ресурстарын өндүрүүдө, берүүдө жана керектөөдө энергияны үнөмдөө потенциалын жана экономиканын энергиялык натыйжалуулугун жогорулатуу

ӨЭЖМК, Курулуш агенттиги, Экотехинспекция

- имараттарды энергетикалык сертификациялоо боюнча аткарылган иштердин сапатына мониторинг жүргүзүү жана (же) от казандарынын, жылытуу жана ысык суу менен камсыздоо системаларынын энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгил менен контролдоо;

Дайыма

- мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде энергияны үнөмдөө боюнча иш-чаралардын деталдуу планын иштеп чыгуу

2018-жыл

ӨЭЖМК

2

Кыргыз Республикасында социалдык коргоонун даректүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу

1. Кыргыз Республикасында калкты социалдык коргоого чыгымдарды оптималдаштыруу

Аларга жетүү үчүн так аныкталган максаттар жана конкреттүү чаралар менен социалдык коргоонун даректүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актысынын долбоорун иштеп чыгуу

2018-жыл

Мамлекеттик жөлөкпулдарды берүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу

Эмгексоцмин, ФИ

Натыйжасыз категориялык программаларды (акчалай компенсациялоо программасы) акырындык менен азайтуу

Дайыма

Акчалай компенсациянын өлчөмдөрү индексацияланбаган жаңы категориялардын жоктугу

Эмгексоцмин, ФИ

Пенсиялардын өлчөмдөрүн жыл сайын индексациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актысынын

2018-2021-ж.ж.

Пенсионерлердин жашоо деңгээлин жогорулатуу

Соцфонд, МФ

Электр энергиясына компенсациялык төлөмдөрдү рационалдаштыруу мүмкүндүгүн кароо

2018-2019-ж.ж.

Электр энергиясына компенсациялык төлөмдөрдүн деңгээлинин жетиштүүлүгүнө жүргүзүлгөн талдоо

Соцфонд, МФ
