Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Чүй облусунун Москва районунун аймагында жайгашкан автомобиль жолдорунун төмөнкү участоктору муниципалдык жолдор категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору категориясына которуу жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2017-жылдын 15-августу № 342-б "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Чүй облусунун Москва районунун аймагында жайгашкан автомобиль жолдорунун төмөнкү участоктору муниципалдык жолдор категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору категориясына которулсун:
- Ак-Суу айыл аймагында жайгашкан, Төмөн-Суу айылынан Чоң-Арык айылына чейинки узундугу 3,2 км жол участогу;
- Ак-Суу айыл аймагында жайгашкан, Төмөн-Суу калктуу конушунун Карл Маркс борбордук көчөсүндөгү узундугу 1,7 км жол участогу.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги:
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автомобиль жолдорунун участокторун белгиленген тартипте ыкчам башкарууга кабыл алсын;
- республикалык бюджеттен 2017-жылга жана кийинки жылдарга Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине каралган каражаттардын эсебинен жана анын чегинде ыкчам башкарууга кабыл алынган автомобиль жолдорунун участокторун оңдоону жана кармоону камсыз кылсын,
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
С.Ш. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Автомобиль жолдору жөнүндөЗакон · 02.06.1998 · № 72 · Күчүн жоготкон