# КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августунданы № 353-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд мыйзамдарда белгиленген тартипте "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун акцияларынын 100 пайызын тикелей методу менен сатсыуу жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августунданы № 353-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд мыйзамдарда белгиленген тартипте "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун акцияларынын 100 пайызын тикелей методу менен сатсыуу жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 353-б
- Кабыл алынган күнү: 18.08.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.08.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216486>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16291/edition/893371/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216486.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августунданы № 353-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд мыйзамдарда белгиленген тартипте "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун акцияларынын 100 пайызын тикелей методу менен сатсыуу жөнүндө" буйругу (18.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216486

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2017-жылдын 18-августу № 353-б Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5408-V токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4 жана 15-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд мыйзамдарда белгиленген тартипте "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун акцияларынын 100 пайызын тикелей методу менен сатсын.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-ноябрындагы № 569-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 22-б буйругу.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков
