# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 261-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги № 120-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 261-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги № 120-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 261-б
- Кабыл алынган күнү: 23.07.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.07.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216473>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16280/edition/890870/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216473.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.07.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 261-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги № 120-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизүү жөнүндө" буйругу (23.07.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216473

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 23-июлу № 261-б "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги № 120-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексин, "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралардын планында:

- 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

5

Өндүрүп алынуучу баалуу металлдарды жана асыл таштарды, бермет, алардан жасалган буюмдарды, ошондой эле мындай буюмдардын сыныктарын сатуу маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу

2018-жылдын III кварталы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу

ФМ, СД (макулдашуу боюнча), ЮМ

"ЕС/GIZ" долбоору

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
