# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-августундагы № 272-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-августундагы № 375-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-августундагы № 272-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-августундагы № 375-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 272-б
- Кабыл алынган күнү: 01.08.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.08.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216470>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16277/edition/890864/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216470.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.08.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-августундагы № 272-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-августундагы № 375-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" буйругу (01.08.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216470

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 1-августу № 272-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633 токтому менен бекитилген Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобонун 34-пунктуна ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-августундагы № 375-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган буйруктун 2-тиркемеси ушул буйруктун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- жогоруда аталган буйруктун 3-тиркемеси ушул буйруктун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- жогоруда аталган буйруктун 4-тиркемесинин үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.";

- жогоруда аталган буйруктун 5-тиркемеси ушул буйруктун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев

1-тиркеме "2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Чүй облусун өнүктүрүү фондунун Башкармасынын курамындагы мамлекеттик органдардын ӨКҮЛДӨРҮ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын укуктук тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрлар секторунун башкы адиси.". 2-тиркеме "3-тиркеме Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусун өнүктүрүү фондунун Башкармасынын курамындагы мамлекеттик органдардын ӨКҮЛДӨРҮ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын өнөр жай, курулуш, транспорт жана коммуникациялар секторунун башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана контролдоо бөлүмүнүн башкы адиси; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаментинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы капиталдык курулуш башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрлар секторунун башкы адиси - юрист.". 3-тиркеме "5-тиркеме Кыргыз Республикасынын Баткен облусун өнүктүрүү фондунун Башкармасынын курамындагы мамлекеттик органдардын ӨКҮЛДӨРҮ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси; Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси; Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси.".
