Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-августундагы № 375-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 1-августу № 272-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633 токтому менен бекитилген Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобонун 34-пунктуна ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-августундагы № 375-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган буйруктун 2-тиркемеси ушул буйруктун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган буйруктун 3-тиркемеси ушул буйруктун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган буйруктун 4-тиркемесинин үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.";
- жогоруда аталган буйруктун 5-тиркемеси ушул буйруктун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
1-тиркеме "2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Чүй облусун өнүктүрүү фондунун Башкармасынын курамындагы мамлекеттик органдардын ӨКҮЛДӨРҮ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын укуктук тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрлар секторунун башкы адиси.". 2-тиркеме "3-тиркеме Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусун өнүктүрүү фондунун Башкармасынын курамындагы мамлекеттик органдардын ӨКҮЛДӨРҮ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын өнөр жай, курулуш, транспорт жана коммуникациялар секторунун башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана контролдоо бөлүмүнүн башкы адиси; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаментинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы капиталдык курулуш башкармалыгынын начальниги; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрлар секторунун башкы адиси - юрист.". 3-тиркеме "5-тиркеме Кыргыз Республикасынын Баткен облусун өнүктүрүү фондунун Башкармасынын курамындагы мамлекеттик органдардын ӨКҮЛДӨРҮ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси; Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси; Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси.".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-августундагы № 375-б (Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фондунун Башкармасынын мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн курамын бекитүү тууралу) буйругуРаспоряжение · 16.08.2016 · № 375-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014–жылдын 10-ноябры № 633 "Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 10.11.2014 · № 633 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Май айылдык кеӊешинин 2018-жылдын 8-февралындагы № 35 « 2017- жылда калган киреше калдыгы жөнүндө» токтомуПостановление · 08.02.2018 · № 35
- Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633 токтому менен бекитилген) жобоПоложение · 10.11.2014 · № 633 · Күчүн жоготкон