# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-январындагы № 13-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 10-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө"

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-январындагы № 13-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 10-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө"
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 13-р
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216467>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16274/edition/889756/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216467.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-январындагы № 13-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 10-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" (13.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216467

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-июнундагы № 481-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 18-январы № 13-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 10-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Этил спиртин медициналык, ветеринардык, техникалык жана башка максаттарда пайдалануучу атайын керектөөчүлөрдүн жана субъекттердин тизмегинде: "Медициналык максатта этил спиртин пайдалануучу субъекттер" деген I бөлүмүндө:

- 1-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:

"31. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Кардиология жана терапия улуттук борборунун алдындагы молекулярдык биология жана медицина илимий-изилдөө институту.";

- 3-главасынын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Жалал-Абад облустук клиникалык оруканасы";

- 10-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 15 жана 16-пункттар менен толукталсын:

"15. "Ивамед" жоопкерчилиги чектелген коому;

16. "Кыргыз Коньягы" жоопкерчилиги чектелген коомдун филиалы - "Идеал-Фарм";

- 11-главасынын 16-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"16. "Алэма" жоопкерчилиги чектелген коому";

- 12-главасында:

10-пунктундагы "Эндомед-Универсал" деген сөздөр "Эндомед+" деген сөз менен алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы 16-пункт менен толукталсын: "16. Жеке ишкер Чолпонкулова"; "Техникалык жана башка максаттарда этил спиртин пайдалануучу субъекттер" деген III бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 77-79-пункттар менен толукталсын: "77. Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архиви

78. "Кошой" ачык акционердик коому

79. Борбордук Азия Университети.".

Премьер-министр

С.Исаков
