# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 250-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 10-б буйругуна толуктоолор киргизүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 250-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 10-б буйругуна толуктоолор киргизүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 250-р
- Кабыл алынган күнү: 16.07.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216466>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16273/edition/889754/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216466.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-июлундагы № 250-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 10-б буйругуна толуктоолор киргизүү жөнүндө" буйругу (13.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216466

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-июнундагы № 481-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 16-июлу № 250-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 10-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Этил спиртин медициналык, ветеринардык, техникалык жана башка максаттарда пайдалануучу атайын керектөөчүлөрдүн жана субъекттердин тизмегинде: "Техникалык жана башка максаттарда этил спиртин пайдалануучу субъекттер" деген III бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 80-83-пункттар менен толукталсын: "80. "Астра Солар Технолоджис" жоопкерчилиги чектелген коому

81. "Чюаньцзянь" жоопкерчилиги чектелген коому

82. "Кыргыз Коньягы" жоопкерчилиги чектелген коомунун филиалы - "Идеал-Фарм"

83. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти.".

Премьер-министр

М.Абылгазиев
