# КР Президентинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы ПБ № 324 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 6-февралындагы № 22 буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү туралуу" буйругу

- Толук аталышы: КР Президентинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы ПБ № 324 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 6-февралындагы № 22 буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү туралуу" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: ПБ № 324
- Кабыл алынган күнү: 19.11.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.11.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216457>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16264/edition/888885/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216457.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.11.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Президентинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы ПБ № 324 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 6-февралындагы № 22 буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү туралуу" буйругу (19.11.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216457

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ БУЙРУК 2015-жылдын 19-ноябры ПБ № 324 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 6-февралындагы № 22 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- буйруктун бүткүл тексти боюнча "Конгресс-Холл" жана "Кабыл алуу үйү" имараттарын" деген сөздөр "Кабыл алуу үйү" имаратын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 5-пунктта:

экинчи абзацтагы "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин № 1 мамлекеттик резиденциясы" мамлекеттик мекемесин" деген сөздөр менен алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: "- "Кабыл алуу үйү" имаратын долбоорлоого жана курууга Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын алдындагы "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасын башкы подрядчы катары аныктасын;".

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
