Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин 2005-жылдын 25-ноябрындагы Автотранспорт каражаттарын уурдоого каршы күрөшүүдөгү жана аларды кайтарып берүүнү камсыз кылуудагы кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун тиркелген долбоорун жактыруу жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 16-июлу № 253-б
1. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин 2005-жылдын 25-ноябрындагы Автотранспорт каражаттарын уурдоого каршы күрөшүүдөгү жана аларды кайтарып берүүнү камсыз кылуудагы кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун тиркелген долбоору төмөнкү эскертме менен жактырылсын:
"Кыргыз Республикасы үчүн Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин 2005-жылдын 25-ноябрындагы Автотранспорт каражаттарын уурдоого каршы күрөшүүдөгү жана аларды кайтарып берүүнү камсыз кылуудагы кызматташтыгы жөнүндө макулдашуунун 4-беренесинин 2-пункту ушул Протоколдун 1-беренесинин 6-пунктуна ылайык, башка Тараптардын компетенттүү органдарынын суроо-талаптары жана демилгелөө тартип боюнча колдонулат. Мүмкүнчүлүк болгон учурда реалдуу мезгил режиминде, жогоруда аталган маалымат базаларында сакталган маалыматтарды берүү камсыз кылынат.".
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрине жогоруда аталган Протоколдун долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
М.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.