# КР Премьер-министринин 2017-жылдын 27-январындагы № 66 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин коллегиясынын мүчөлөрүн бекитүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Премьер-министринин 2017-жылдын 27-январындагы № 66 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин коллегиясынын мүчөлөрүн бекитүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 27.01.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216417>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16245/edition/956099/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216417.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Премьер-министринин 2017-жылдын 27-январындагы № 66 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин коллегиясынын мүчөлөрүн бекитүү жөнүндө" буйругу (01.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216417

---

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы № 622 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2017-жылдын 27-январы № 66 (КР Премьер-министринин 2018-жылдын 31-январындагы № 59, 2019-жылдын 5-июлундагы № 364 буйруктарынын редакцияларына ылайык)

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин коллегиясынын мүчөлөрү болуп төмөнкүлөр бекитилсин:

Досалиев Даулет Болотханович

\-

Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча);

Ибраимов Эржигит Мырзабаевич

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн эксперти;

Иманалиев Токтобек Тыбынович

\-

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору;

Касымов Камчыбек

\-

"Республикалык Тогуз Коргоол Федерациясы" коомдук бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);

Капаров Абдыжапар Капарович

\-

Жалал-Абад облусунун Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча башкармалыгынын начальниги;

Мадалиев Торокул Мамажакыпович

\-

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кесиптик жана дене тарбиялык даярдык башкармалыгынын начальниги, Кыргыз дене тарбия спорттук "Динамо" коомдук бирикмесинин төрагасынын биринчи орун басары;

Калыбаева Элнура Камчыбековна

\-

"Жаштар өнүгүү институту" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча).

(КР Премьер-министринин 2018-жылдын 31-январындагы № 59 , 2019-жылдын 5-июлундагы № 364 буйруктарынын редакцияларына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 25-январындагы № 27 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков
