# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-майындагы № 213-б " Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Токмок шаарынын мэриясы менен Субкредиттик макулдашууну түзүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-майындагы № 213-б " Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Токмок шаарынын мэриясы менен Субкредиттик макулдашууну түзүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 213-б
- Кабыл алынган күнү: 17.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.03.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216415>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16243/edition/961681/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216415.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.03.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-майындагы № 213-б " Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Токмок шаарынын мэриясы менен Субкредиттик макулдашууну түзүү жөнүндө" буйругу (15.03.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216415

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 17-майы, № 213-б (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы № 56-б буйругунун редакциясына ылайык) 2015-жылдын 26-январында Бишкек шаарында кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 14-июлундагы № 165 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Токмок шаарында суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо" долбоорун каржылоо жөнүндө Кредиттик макулдашууга ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Токмок шаарынын мэриясы менен төмөнкү шарттарда Субкредиттик макулдашууну түзсүн:

- кредиттин суммасы - 2 млн (эки миллион) евро;

- кредитти пайдалануу үчүн пайыздык ставка - Еврибор + 1,0 %;

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы № 56-б буйругунун редакциясына ылайык)

- сатып алынуучу жабдуулар жана кредиттик каражаттардын эсебинен сатып алынган башка мүлк түрүндөгү күрөөлүк камсыздоо;

- кредиттин негизги суммасы жана пайыздар жарым жылда 1 жолу, ар бир жылдын 23-майында жана 23-ноябрында бирдей бөлүктөр менен төлөнөт, мында кредит биринчи жолу кредиттин суммасы өздөштүрүлгөн күндөн тартып төлөнөт жана кредитти төлөөнүн акыркы датасы - 2029-жылдын 23-ноябры;»;

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы № 56-б буйругунун редакциясына ылайык) -төлөм кечиктирилген учурда айыптык санкциялар мөөнөтү өткөн карыздар пайда болгон учурдан тартып бул карыздарды толук төлөө датасына чейинкини кошкондо, -Еврибор + жылдык 5 %;

- кредиттин өздөштүрүлбөгөн суммасы үчүн жылына 0,5 пайыз өлчөмүндөгү комиссия Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууга кол коюлган датадан тартып 60 күндөн кийин эсептелет, мында кредит өздөштүрүлгөн датадан тартып 60 күндөн кийин төлөнөт;».

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы № 56-б буйругунун редакциясына ылайык)

- эсепти ачуу үчүн бир жолку комиссия кредиттин суммасынан 1 % өлчөмүндө.

2.Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков
