# КР ӨКМӨТҮНҮН 2018-жылдын 29-июнундагы № 228-б "Жумуш күнү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР ӨКМӨТҮНҮН 2018-жылдын 29-июнундагы № 228-б "Жумуш күнү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 228-б
- Кабыл алынган күнү: 29.06.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216400>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16228/edition/881356/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216400.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР ӨКМӨТҮНҮН 2018-жылдын 29-июнундагы № 228-б "Жумуш күнү жөнүндө" буйругу (29.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216400

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 29-июну № 228-б Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 101-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкерлери үчүн 2018-жылдын 30-июну Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 115-беренесинде каралган компенсациялоо менен жумуш күнү деп белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына 2018-жылдын 30-июнун жумуш күнү деп жарыялоо сунушталсын.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
