# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-июнундагы № 182-б "Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн кызыкчылыгында геомейкиндиктик маалыматтарды алмашуу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун расмий тилде долбоорун жактыруу жөнүндө " буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-июнундагы № 182-б "Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн кызыкчылыгында геомейкиндиктик маалыматтарды алмашуу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун расмий тилде долбоорун жактыруу жөнүндө " буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 182-б
- Кабыл алынган күнү: 04.06.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/216387>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-16215/edition/880072/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/216387.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-июнундагы № 182-б "Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн кызыкчылыгында геомейкиндиктик маалыматтарды алмашуу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун расмий тилде долбоорун жактыруу жөнүндө " буйругу (04.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/216387

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 4-июну № 182-б "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн кызыкчылыгында геомейкиндиктик маалыматтарды алмашуу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысына жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
